НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
6-ноябрь 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын Раззаков көчөсүнүн №5 “а” дарегиндеги 10 батирлүү үйдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга менчиктештирип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын программасын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Турак жай» кодексинин 12-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссияларынын Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын кароо боюнча биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы Раззаков көчөсүнүн № 5 «а» дарегинде жайгашкан эки кабаттуу, 1 (бир) бөлмөдөн турган 10 батирлүү турак-үйдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга менчиктештирип берүү жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын Программасын бекитип берүүгө макулдук берилсин (Программа тиркелет).
- Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаарындагы Раззаков көчөсүнүн №5 «а» дарегиндеги 1 (бир) батирин Нарын шаарынын муниципалдык менчигинин карамагына алуу жагы тапшырылсын.
- Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, турак жайдын жашоочуларына.
Тиркеме
Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндө ден соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган 10
батирлүү турак жайды менчиктештирүүнүн
П Р О Г Р А М М А С Ы
Бул программа Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Турак жай» кодексинин жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын негизинде түзүлдү.
Турак жайды менчиктештирүү программасын бекитүүгө макулдук берүү маселеси Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралат.
Программанын максаты:
-Нарын шаарында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды менчик турак жай менен камсыз кылуу;
-ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо шарттарын оңдоого жана дарыланууларына ылайыктуу шарттарды түзүп берүү;
-менчиктештирип берүү менен турак жайды кармоо багытындагы бюджеттик чыгымдарды азайтуу.
Турак жайды менчиктештирүүнүн формалары:
-конкурс аркылуу сатуу;
-тикелей сатуу;
-акысыз өткөрүп берүү.
Менчиктештирүүнүн формасы Нарын шаардык мэриясынын алдындагы турак жай комиссиясы тарабынан аныкталат.
Турак жайды менчиктештирүүнүн тартиби жана шарттары:
-менчиктештирип алуучулар Кыргыз Республикасынын жарандары, Нарын шаарынын туруктуу жашоочулары болуулары жана жеке менчигинде башка турак жайы, турак жай курууга жер аянты болбоосу шарт;
-Нарын шаардык мэриясынын алдындагы турак жай комиссиясы тарабынан менчиктештирүү тууралуу берилген арыздар жана башка документтери такталып, өзүнчө отурумда ар бир батир боюнча талкуу жана тактоо жүргүзүлөт;
-комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен менчиктештирилип берилет;
-Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде менчиктештирилип берилген батирлердин ээлери менен Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын ортосунда келишим түзүлөт жана менчик ээси болгон адамдар тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов
долбоор
Тиркеме
Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндө ден соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган
көп кабаттуу турак жайды менчиктештирүүнүн
П Р О Г Р А М М А С Ы
Бул программа Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Турак жай» кодексинин жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын негизинде түзүлдү.
Турак жайды менчиктештирүү программасын бекитүүгө жана менчиктештирүүгө макулдук берүү маселеси Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралат.