ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 /2 ТОКТОМУ
10-июль 2012-жыл Нарын шаары
Жунусов Түкүнун ысымын Нарын шаарындагы Ленин кичи көчөсүнө (переулок) берүү жөнүндө
Жунусов Түкү 1932-жылы 28-декабрда Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Төш-Булак айлында туулган. 9 жаш курагында ата энесинен эрте айрылып, жетимдиктин турмушун башынан өткөргөн.Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилинде оорукта, алтын кенинде иштеп жүрүп 12 жашында №1 Токтогул мектебинин астындагы жатак интернатынан окуган.
1951-1954 Советтик Армиянын катарына кызмат өтөп , ал жактан окуп «кенже лейтенант» наамын алып,1954- жылы Тянь-Шань облустук ички иштер башкармасына жумушка кирген.Жунусов Түкү 1954-жылдан 1986-жылга чейин ички иштер органдарында орто жана жетектөөчү кызматтарында, башкача айтканда Суусамыр, Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунда жана Нарын шаарында 35 жыл эмгектенген.
Кызмат өтөгөн жылдары кылмыш иштерин ачууда жигердүү эмгектенип, укук бузууларды алдына алып келген.
Ички иштер кызматында иштеп жүргөн мезгилинде атайын жаш курагына байланыштуу эс алууга чыгып, андан кийин да өз ишине кайдыгер карабастан Нарын шаарынын №5 чөлкөмдүк аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенип жүрүп 2011-жылы 16-февралда 78-жашында дүйнөдөн кайткан.
Ички иштер кызматында кылмыштуулука каршы күрөшүүдө, укук бузууларды алдын алуудагы кошкон эмгектери бааланып СССР милициясынын «Отличниги» төш белгиси, 2жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун «Ардак Грамотасы», 2 жолу Кыргыз ССРинин ички иштер министирлигинин «Ардак Грамотасы», 2008-жылы Кыргыз Республикасынын «Каарман» медалы менен сыйланган.
Үзүрлүү эмгеги үчүн көптөгөн төш белгилердин ээси болгон жана «Эмгек ардагери» медалын алган.
Жунусов Түкүнүн ысымын Нарын шаарындагы Ленин кичи көчөсүнө берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин, Ленин кичи көчөсүнүн тургундарынын сунуштарынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ички иштер органында иштеп турган мегилде кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана укук бузууларды алдын ала токтотууда кошкон салымы үчүн маркум Жунусов Түкүнүн ысымы Нарын шаарындагы мурунку Ленин кичи ( переулок) көчөсүндөгү
(№ 87,89,91, 93, 95, 97, 99,101, 103, 105 номерлүү үйлөрүнө берилсин.
- Нарын шаарындагы Ленин кичи (переулок) көчөсү мындан ары Түкү Жунусов атындагы көчө деп аталсын.
- Көчөнүн атын өзгөртүүгө, оңдоого, түзөтүүгө, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, арыктарды ирээтке келтирүүгө жана ушул көчөнүн жашоочуларынын үй китепчелерин, паспортторун которууга кеткен финансалык чыгымдарын көтөрүү Т.Жунусовдун үй бүлөсүнө (уулу Ж.Т. Жунусов) тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгына, муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, ММДга, паспорт столго, Т.Жунусовдун үй-бүлөсүнө.