НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20- июлу № 11 LED экрандардын тарифтик баасын көтөрүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын    20- июлу  № 11

 

       LED экрандардын тарифтик баасын көтөрүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин  жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы,экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап,  корутундусун угуп, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги LED экрандардын экран аркылуу жарнама жайгаштыруу боюнча тарифи 1 (бир)  чарчы метрге 100 (жүз) сомго көтөрүлүп, 300 (үч жүз) сомдон, 400 (төрт жүз) сомго бекитилсин жана  социалдык, агартуучу жана маалыматтык   видеороликтер акысыз жайгаштырылсын.
  2. Жаңы тарифтер менен иш алып баруу жагы Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасына тапшырылсын жана             2026-жылдын 1-августунан тартып жүргүзүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

                                                  Төрага                                                                                                    Ж.Эсеналиев

 

Добавить комментарий