НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХVI СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 9 ТОКТОМУ

 

  14- июнь     2024-жыл                                                                                                                      Нарын шаары

 

 

                           Нарын шаарындагы  Жайыт жерлерди пайдалануунун  тарифин  бекитүү   жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жетекчиликке алып, Нарын шаарынын аймагында “Жайыттарды башкаруу комитетин түзүү жөнүндө” Нарын шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 10-мартындагы №7 токтомуна ылайык түзүлүп жана ишмердүүлүгун баштаган “Жайыттарды башкаруу” муниципалдык ишканасына , жеке ишкерлерге, байланыш жана Нарын шаарына тиешелүү болгон жайытка мал жайып жүргөн шаар тургундарына жайыт жерлерди пайдалануунун бирдей тарифин бекитүү зарылдыгын билдирген Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Жеке ишкерлерге, байланыш жана Нарын шаарына тиешелүү болгон жайытка мал жайып жүргөн шаар тургундарына жайыт жерлерди пайдалануунун бирдей тарифи төмөндөгүдөй баалар менен  бекитилсин:

 

  • Кой, эчки бир башка жылына 20 сом;
  • уй, жылкы бир башка жылына 100 сом ;
  • жайыт ичиндеги ар бир курулган курулуштарга жана ошондой ар бир боз уй башына 5000 сомдон бир жылга;
  • жайыт ичиндеги чөп чабындылардан ар бир гектарына 1000 сомдон ;
  • ар бир байланыш түйүн антеналардан 10,000 сом ай сайын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                           А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына;

 

Добавить комментарий