НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН

 № 2 ТОКТОМУ

15-август  2024-жыл                                                                                                                                             Нарын шаары

 

Нарын шаардык мэриясынын атайын  эсеп счетуна түшкөн акча каражатын пайдаланууга макулдук берүү   жөнүндө

 

Нарын шаардык мэриясы менен “Оомат Нурдос ЖЧК сы тарабынан түзүлгөн келишимге ылайык электробустар көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилип келип, ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,1 пайыз эсептелип, жыйынтыгы менен 5,0 миллион (беш миллион) сомду түзгөн. Туум катары кармалган бул акча каражаты Нарын шаардык мэриясынын атайын эсеп-счетуна отургузулган. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын  негизинде   Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясынын атайын эсеп-счетундагы 5,0 млн сом (беш миллион) сом акча каражатынын эсебинен Нарын шаардык муниципалдык ишканалардын материалдык техникалык базасын чыңдоого жана башка керектөөлөргө  пайдаланууга макулдук берилсин:

 

  • Ак-Коргон аймагына “Ынтымак аллеясын” салууга 4 028 155(төрт миллион жыйырма сегиз миң бир жүз элүү беш) сом,
  • Нарын шаардык муниципалдык “ жашылдандыруу” ишканасынын карамагында турган парк, скверлердин жарыктандыруусуна болгон техникалык шарттамаларды (тех.условия) алууга 91488 (токсон бир миң төрт жүз сексен сегиз) сом;
  • Нарын шаардык муниципалдык “ Жашылдандыруу” ишканасынын имаратын жана атайын автотехникаларын камсыздандырууга 69100 ( алтымыш тогуз миң бир жүз)сом;
  • Нарын шаардык муниципалдык “ Жашылдандыруу” ишканасынын сугат иштерине пайдаланылган сугат сууга болгон карызына 22700 (жыйырма эки миң жети жүз)сом ;
  • Нарын шаардык муниципалдык “ Жашылдандыруу” ишканасына чарба иштерине пайдалануу учун электрогенератор алууга 33900 (отуз үч миң тогуз жүз)сом;
  • ММИге топографиялык тасма учун 50,0(элүү миң)сом;
  • “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына 4 (төрт) даана трицикл алууга 520,0 миң ( беш жүз жыйырма миң) сом;
  • А.Садыков атындагы №9 мектептин жаны имаратынын ички жасалгалоосуна 70,0 миң сом.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн

 

Төрага                                                                                                                                                                     А.Молдосалиев 

 ______________________________________________________________________________

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына

Добавить комментарий