НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVII СЕССИЯСЫНЫН

 № 6 ТОКТОМУ

15-август  2024-жыл                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын , сот, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин убактылуу жашоосу үчүн курулган турак үйлөрдү жана  жер аянттарын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катына ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарынын №119/3 Алма –Бак аймагындагы 2380,0 чарчы метр жер тилкеси иш жүзүндөгү  имараттары менен (идентификациялык коду 4-05-03-0002-2430) жана И.Раззаков көчөсү №39 дарегиндег жайгашкан 363,0 чарчы метр жер тилкеси имараттары менен  (идентификациялык коду 4-05-01-0002-0399)  белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу иштерин жүргүзүү, жер аянтынын ордун чектеп, мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         А.Молдосалиев

 

 _________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий