НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXХIХ СЕССИЯСЫНЫН
№1 ТОКТОМУ
12-сентябрь 2024-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясынын № 2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги ХХХVII сессиясынын № 2 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Москва чөлкөмүндөгү Нарын суунун жээгинде салынып жаткан аллеянын устундогу электрзымдарын алмаштырып, жылдыруу үчүн 1 080 541,0 (бир миллион сексен миң беш жүз кырк бир ) сом;
- Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына парк, скверлердин жарыктандыруусуна болгон техникалык шарттамаларды (техусловия) алууга 91 488,0 (токсон бир миң төрт жүз сексен сегиз) сом;
- Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын имаратын жана атайын автотехникаларын камсыздандырууга 69 100,0 (алтымыш тогуз миң бир жүз )сом;
- Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына сугат иштерине пайдаланылган сугат сууга болгон карызына 22 700,0 (жыйырма эки миң жети жүз)сом;
- Нарын шаарынын кире беришиндеги арканы реконструкциялоо жана кошумча жумуштары үчүн 130 000,0(жүз отуз миң) сом;
- Нарын шаарындагы Ж.Акималиев паркына топографиялык тасма (топосъемка) жүргүзүү үчүн 50 000,0 (элүү миң) сом;
- Жайлообак аймагындагы балдар ойноочу аянтчасына 134 610,0 (жүз отуз төрт миң алты жүз он ) сом;
- 2025-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен жасала турчу долбоорлорду жасатууга 600 000,0 (алты жүз миң) сом;
- “НУРП” долбоору аркылуу ишке ашуучу Нарын шаарындагы каналдын үстүндөгү 3 көүрөнүн долбоорлук сметалык иш кагаздары үчүн 200 000,0 (эки жүз миң) сом;
- Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жасаган долбоордук-сметалык иш кагаздары үчүн 200 000,0 (эки жүз миң) сом;
- Нарын шаарынын Раззаков 2 көп кабаттуу үйлөрү тарабынан тосуп жарыктандыруу үчүн 280 830,0 (эки жүз сексен миң сегиз жүз отуз) сом;
- Нарын шаарындагы А.Сыдыков атындагы №9 мектептин жаңы имаратынын ички жасалгалоосуна 70 000,0 (жетимиш миң) сом;
- Нарын суунун жээгин тосуу үчүн керектүү материал алууга 300 000,0 (үч жүз миң) сом;
- ЛЭД экран алууга 1 470 731 ,0 (бир миллион төрт жүз жетимиш миң жети жүз отуз бир миң) сом
- Эки даана трицикл алууга 300 000,0 (үч жүз миң) сом.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага А.Молдосалиев
____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына;