НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН

 № 8 ТОКТОМУ

 

28-апрель   2025-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

 

 

Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына кошумча 2 (эки) штаттык бирдик ачуу жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына иштин зарылчылыгына, жагдайына байланыштуу, ГИС программасын ишке киргизүү  максатында   2025-жылдын 30-апрелинен баштап кошумча 2 (эки )  штаттык бирдик (ГИС адистери)   ачылып берилсин  жана ишкананын штаттык бирдигине киргизилсин.

 

  1. Муниципалдык менчик башкармалыгына кошумча ачылган 2 (эки) штаттык бирдикке алынган кызматкерлердин эмгек маянасын төлөп берүү    жагы   2025-жылдын 30-апрелинен  тартып жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                               Ж.Эсеналиев

 

 

 _________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы  башкармалыгына, «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий