НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ Х СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  Х СЕССИЯСЫНЫН

  № 2 ТОКТОМУ

 30-июнь 2025-жыл                                                                                                                                                    Нарын шаары

 

С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасын жана    жалпы 6787 чарчы метр    жер аянтын  Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине  өткөрүп алууга   макулдук берүү   жөнүндө

  

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-июнундагы №201 тескемеси менен Нарын шаарынын инфраструктура обьектилерин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 807 061 899 (сегиз жүз жети миллион алтымыш бир миң сегиз жүз токсон тогуз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилип, жогорудагы сумманын ичинен “Нарын- Реновация” долбоорунун бир бөлүгү болгон Нарын маданият тармагындагы мекемелерди бириктирген, заманбап инновациялык маданият борборун  Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №33 дарегиндеги С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасынын ордуна куруу жагы пландалууда.

Жогорудагылардын негизинде,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын  негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин  кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасын жана жалпы 6787 чарчы метр жер аянтын  Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине  өткөрүп алууга   макулдук берилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                  Ж.Эсеналиев

 

 _____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына;

 

Добавить комментарий