НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
16 -сентябрь 2025-жыл Нарын шаары
Ленин көчөсү №105-г дарегиндеги жер тилкесин Нарын шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын облустук прокуратурасына административдик имарат салуу үчүн Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №105-г дарегиндеги идентификациялык коду №4-05-000-0647, 2400,0 чарчы метр жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилип, бирок, азыркы учурда имарат мурдагы Нарын облустук прокуратурасынын ордуна салынып жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин 11-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып,Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечими менен Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №105-г дарегиндеги идентификациялык коду №4-05-000-0647, 2400,0 чарчы метр жер тилкесин Нарын шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы
“Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
_________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.
