НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
16 -сентябрь 2025-жыл Нарын шаары
Нарын облустук прокуратурасына жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүнө” Мыйзамдарын, жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы И.Раззаков көчөсү н/ж дарегиндеги идентификациялык номери 4-05-01-0002-0428 сандуу коду менен жалпы аянты 877,08 чарчы метр жер тилкесин Нарын облустук прокуратурасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
_______________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.
