НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
16 -сентябрь 2025жыл Нарын шаары
Нарын шаардык прокуратурасына жер тилкесин
өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “ Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын М.Жакыпов көчөсүндөгү Нарын шаардык прокуратурасынын жаңы салынып жатан имаратынын идентификациялык коду №4-05-02-0002-1532 жер аянтынын күн батыш тарабындагы 200 чарчы метр жер тилкесин Нарын шаардык прокуратурасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
__________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.
