НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
16-сентябрь 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы бюджеттик, чарбалык эсептеги жана коммерциялык мекеме, ишканаларды таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды,ыплас сууларды чыгаруудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Кыргыз Республиксынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн 11.07.2025-жылдагы №01-13/21 буйругун эске алуу менен Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын суу-канал ишканасы тарабынан ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (бюджеттик, чарбалык эсептеги жана коммерциялык ишканаларга) таза сууга 30 сом 00 тыйынга, саркынды сууга 27 сом 87 тыйынга бекитилсин жана (калк үчүн) тарифи өзгөртүүсүз калтырылсын.
- Көтөрүлгөн тариф боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын суу-канал ишканасына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы
“Бюджет, экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
______________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.
