НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН №5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХIV СЕССИЯСЫНЫН

 №5   ТОКТОМУ

 

  16 -сентябрь 2025-жыл                                                                                                                                                                   Нарын шаары

 

Нарын шаардык мэриясынын алдында уюштурулган «Нарын футболдук клубуна» акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   “Бюджет, экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык мэриясынын алдында уюштурулган «Нарын футболдук клубуна»  Кыргыз Республикасынын футзал боюнча “Супер лига 2025-2026” футбол оюндарынын регламентине ылайык катышуу акысына (взнос), 30 (отуз) оюнчунун формаларына, калыстарды тейлөөгө, жалпысы  1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык чыгымдар” беренесинин эсебинен  бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бөлүнгөн акча каражатынын  максаттуу жана туура сарпталышын    көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

  1. Сарпталган акча каражаты боюнча  Нарын футболдук клубу тарабынан жылдын жыйынтыгы менен Нарын шаардык Кеңешине толук маалымат берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                       Ж.Эсеналиев

 

 ______________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын футболдук клубуна, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

 

Добавить комментарий