НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХVI СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

                           НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

                       КЕЗЕКСИЗ  ХVI СЕССИЯСЫНЫН

                  № 1 ТОКТОМУ

 

17-октябрь 2025-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

 

Нарын шаардык Автобекет муниципалдык ишканасын түзүүгө

макулдук берүү   жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын             31-июлундагы “Административдик иштин негиздери жана административдик жол жоболору жөнүндө” №210 мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы №666-т жана 2025-жылдын            21-июлундагы №620 тескемелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине  караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын   11-августундагы №1204-б буйругунун, 2025-жылдын 27-февралындагы Нарын шаардык Кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги VII сессиясынын №12 токтомунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, экономика, финансы ишкердүүлүк жана инвестиция боюнча” жана “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссияларынын отурумунда карап, талкуулап,  протоколдорунун эске алып,  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Чарбалык эсептеги “Нарын шаардык Автобекет муниципалдык ишканасын”  түзүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Нарын шаардык Автобекет муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктери тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Тиркемеге ылайык бекитилген штаттык бирдиктин негизинде кызматкерлерди бошотууну, которуштурууну, кабыл алууну  уюштуруу жагы  мыйзам чегинде   жүргүзүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                 Ж.Эсеналиев

 

 

 ___________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

Автобекет токтомго тиркеме

Добавить комментарий