НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
17-октябрь 2025-жыл Нарын шаары
ХХIII чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин эл депутаттарынын 2003-жылдын
25-декабрындагы ХХХII сессиясынын № 5 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- ХХIII чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин эл депутаттарынын 2003-жылдын 25-декабрындагы ХХХII сессиясынын № 5 токтомунун 1-пунктуна “Нарын шаарындагы жалпы орто билим берүүчү №9 мектеби”–деген сөздөр кошумчаланып жазылып, Кыргыз Республикасынын ИУАнын мүчө корреспонденти, профессор, филология илимдеринин доктору, белгилүү окумуштуу Абдыкадыр Садыковдун ысымы ыйгарылып, мындан ары, “Нарын шаарындагы Абдыкадыр Садыков атындагы жалпы орто билим берүүчү №9 мектеби”-деп аталсын деген толуктоо киргизилсин.
- Толуктоо киргизилген токтомдун 1-пункту боюнча иш кагаздарын бүткөрүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
_____________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө;
