НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ

ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

 ТОКТОМУ

 

  2025-жылдын 5-ноябры  №1                                          

  Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган  долбоорлорго

 макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексине”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана  ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимин эске алып,   Нарын шаардык  Кеңешинин  сессиясы токтом   кылат:

 

  1. Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна Нарын шаардык мэриясы тарабынан сунушталган төмөндөгү долбоорлор Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы тарабынан жактырылып, сунуштоого макулдук берилсин.

 

  • Нарын шаарынын Ленин жана С.Орозбак көчөлөрүнүн жол жээгине ЛЭД экрандарды орнотуу;
  • “Нарын жылуулук берүү” муниципалдык ишкнасына караштуу М.Сыдыков чөлкөмүндөгү Московский отканасына жылуулук насосун орнотуу;
  • Нарын шаарындагы Нарын дарыясына эки чөлкөмдү байлаган көпүрө куруу;
  • Нарын райондук электр тармактар ишканасына Нарын шаарынын “Кызыл-Сарай” жана “Таш-Кыя” жаңы конушуна электр энергиясын тартуу үчүн жабдууларды, материалдарды алуу жана РТС чөлкөмүндөгү суу алуучу жайга талаптагыдай электр энергиясын жеткирүү үчүн керектүү материалдарды алуу;
  • “Нарын шаарына админстративдик имаратын курууда, курулуш иштерине кош каржылоо” (өздүк салым );
  • Нарын шаарындагы автобекеттин айланасын инфраструктурасын жакшыртуу;
  • Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына бак дарактар, гүл көчөт өстүрүү үчүн күнөскана уюштуруу;
  1.  Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылган  долбоорлор боюнча Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаардык Кеңешине маалыматтар берилсин.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1.          Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.     

 

 

          Төрага                                                                                                                                                                              Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий