НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2025-жылдын 11- ноябры № 2

                          НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIХ СЕССИЯСЫНЫН

    ТОКТОМУ

2025-жылдын   11- ноябры   № 2 

 

Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасына кошумча штаттык бирдиктерди ачууга макулдук берүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунда карап,талкуулап, протоколунун чечимин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасына айдоочулук жумуш ордуна 4 (төрт) даана штаттык бирдик  ачылып берилсин жана алынып келинген техникалар  ишке киргизилген күндөн тартып, мекеменин штаттык бирдигине  киргизилсин.

 

  1. Ачылган кошумча штаттык бирдиктердин эмгек маяналарына жана социалдык фондуна төлөнүүчү  акча каражаттары Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык чыгымдар ” беренесинин эсебинен каржылансын жана штаттык бирдиктерди бекиттирүү жагы Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына, айдоочулар ишмердүүлүгүн баштаган күндөн тартып кошумча ачылган 4 (төрт) штаттык бирдиктин эмгек маяналарын төлөп берүү жагы тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.                     

 

Төрага                                                                                                                                                                                        Ж.Эсеналиев                                                                                                                     

Добавить комментарий