НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 3-апрели №1

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  ХХIII СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын  3-апрели  №1

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын карамагына  жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын                V бөлүмүнүн 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги   сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан Ленин көчөсү №86 дарегиндеги административдик имаратынын түндүк тарабынан С.Орозбак көчөсү 45д дарегиндеги идентификациялык коду 4-05-02-0002-1806 сандуу  Нарын шаардык сотунун чечими менен муниципалдык баланска кабыл алынган жер аянтынан, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан ченөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин, тиешелүү өлчөмдөгү жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

                      Төрага                                                                                                                                    Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий