НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

                                                           №4 ТОКТОМУ

 

  22-октябрь  2014-жыл                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаарындагы орто мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларына жана бала бакчалардагы тарбияланып жаткан балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, санитардык абалы жөнүндө

 

Нарын шаарыбыздагы бала бакчалардын балдарга берилип жаткан тамак аштардын нормасын, анын сапаттуулугун жана санитардык абалын карап чыкканда бардык балдар бакчасында талапка ылайык иштер жүргүзүлүүдө.Алсак, №18-«Ак дил» бала бакчасында бир балага 1 күндүк тамак ашына 50 сомдун тамагы берилет.Мунун 18 сому жергиликтүү бюджеттен,  29 сому ата энелердин эсебинен каржыланат.Ата энелер 1 айга бир балага 600 сомдон төлөм төлөшөт.Тамак аштын рациону талапка жооп берет же майлуулугу аз уй эти менен жазалып, жашылча, салаттар берилип турат.Ашкананын санитардык абалы жакшы.Идиш аяктар хлораминге чыланып турат.Ар бир баланын колун,бетин аарчуучу сүлгүсү номерленип, бириникин бири колдонбойт.Бакчанын тарбиячылары жана жардамчы тарбиячылары медициналык кароодон өткөрүлүп, баарынын санитардык китепчелери бар. Медицина айымдарынын иштеп жаткан иштерин жеринен карап көргөндө 0,5 штаттык бирдикке карабастан, өз милдеттерин так аткарып жаткандыгын белгилөөгө болот. Жогорудагыдай жакшы көрүнүштөрдү №15 «Бактылуу балалык» , №14 –«Алтын балалык» , №2-«Чебурашка» бала бакчаларынан көрүүгө болот.

Ал эми шаардын жалпы мектептеринин башталгыч класстарына күнүнө  бир жолу берилүүчү ысык тамактарын караганда сүт азыктары, булочкалар күн сайын балдардын санына жараша камсыз кылуучу тараптар (поставшик )аркылуу алынып келип турат .Бир күндө 1 балага 10 сомдон кем эмес ысык тамак берилет, бул акча каражаты Республикалык бюджеттен каралган.

Балдарга ысык тамак  берүүчү  ашканалардын ичинен  №4-Э.Ибраев атындагы , №1- Токтогул, №10-Ж.Чолпонбаев, №7-М.Сыдыков, №5-К.Жакыпов атындагы орто мектептердин ашканалары азыркы учурдун талабына жооп берет. Идиш аяктары таза жана жетиштүү .Идиштер хлораминделинген.

Жогорудагы жүргүзүлгөн айрым иштер менен катар кемчиликтерге да жол берилүүдө.Шаардын бала бакчаларына азык – түлүктөрдү сатып алуу боюнча тендер өткөргөндө картошканын баасы күзүндө базар баасы 10 сомдон болсо, тендерден 17 сомго, ал эми алманын 1 кг 20-25-сом болсо, тендерде 45 сомго  бааланган. Мындай көрүнүшкө шаардык  билим берүү бөлүмү  кайдыгер мамиле жазагандыгы өтө өкүнүчтүү. Бул  көрүнүшкө баардык бала бакчалардын жетекчилери нааразы.Тендер өткөндө тендердик комиссия тамак аш азыктарынын бааларын жогорулатып жибергендиктен, азыркы учурда бала бакчалар камсыз кылуучу тараптарга (поставшик) карыз. Бала бакчалардын жетекчилери жылына 2 жолу өтүүчү тендерге депутаттардан кирүүсүн жана ата энелерден балдарынын   тамак ашы үчүн  алынуучу 600 сомду 800 сомго чейин көтөрүүнү сунушташууда.  Мед.айымдарга 0,5 ставка каралганын карабай эртеден кечке чейин иштешишет.Бала бакчага келген балдардын саны жыл сайын өсүп жаткандыктан, бардык эле бала бакчаларда кабыл алынган балдардын саны каралган нормадан ашыкча.

Нарын шаарындагы №16-«Ыйман» бала бакчасында балдардын саны көп болгондуктан, шаардык мэрия менен бирдикте «Интернат» мектеп-лицейине бир кошумча тайпа ачылган.

Туруктуу комиссиянын депутаттары 2014- окуу жылынын айагында бул ачылган кошумча тайпаны жеринде көргөн мезгилде келишимдин мөөнөтү бүтүп, тайпа жабылуу алдында турган. Бакча жетекчилиги тарабынан 2014-2015-окуу жылына карата “интернат” мектебинин  жетекчилиги алмашылгандыгына байланыштуу кайрадан келишим түзүлүп бүгүнкү күндө кошумча ачылган тайпалар иштеп жатат. Ачылган тайпаларга ата-энелердин спонсордук жардамдары менен тамак бышыруучу газ плита, муздаткыч жана башка инвентарлар алынган.

 

 

 

 

Мындан сырткары дагы эки бөлмө кошумча суралып , ал бөлмөлөр акталып, сырдалып ашкана жана кошумча  эс алуучу, ойноочу бөлмөлөр ачылып пайдаланууда.

Быйылкы окуу жылына карата туруктуу комиссиянын депутаттары шаардагы ведомстволук бала бакчаларга, аскер бөлүгүнө жана ПЛУАД мекемелерине тиешелүү бакчаларды да жеринде карап, балдарга берилүүчү тамак- аштары, балдарды тарбиялоо шарттары менен жеринде таанышкан. ПЛУАД мекемесине тиешелүү “Нур” бала бакчасынын  штатында мед айым жок. Балдар үчүн түзүлүүчү тамак аштын аш тизмесин (меню) бакча башчысы өзү түзөт. Ал эми ар кандай кырдаалда балдар сыркоолоп калган мезгилде бакчада мед айымдын жоктугу коопсуздукту жаратат.

 №1-Токтогул орто мектебинин ашканасы өтө тар болгондуктан, окуучулар түзүлгөн график боюнча тамактанышат.Мектептин ашканасы кандайдыр бир себептер менен №87-кесипчилик –техникалык лицейге арендага берилип кеткен.Мектеп жетекчиси бул ишти карап берүү үчүн сотко кайрылган. 2014-жылдын июль айында  шаардык Кеңештин депутаты А.Молдосалиевдин  катышуусу менен соттук процесс болуп,  ашкананы №1 Токтогул мектебинин пайдалануусуна чечип берген. Бирок,эки жетекчинин өз ара макулдашуусу менен 2015-жылдын июнь айына чейин узартышкан.

Нарын шаарындагы №2- В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин ашканасынын ички абалы талапка жооп бербейт.Тазалыгы өтө начар же антисанитария. Ашканада Кытай өндүрүшүнөн чыккан балдардын ден соолугуна терс  таасир тийгизүүчү азыктар сатылып, ашкана дүкөнгө айланган.Балдар чай ичүүчү кружкалар чала жуулуп, идиштер кир сууга чыланган, хлорамин жок. Мед.айым иш ордунда болбойт.

Бул көрүнуштөр 2013-2014-окуу жылынын аягында болсо, туруктуу комиссиянын депутаттары быйылкы окуу жылында бул мектепке кайра барган учурда мурдагы кемчиликтер жоюлуп, баардыгы калыбына келтирилген.

Ал эми №8-А.Буйлаш уулу атындагы орто мектептин ашканасында балдарга берилүүчү сүт азыктары муздаткычка салынбастан сыртта турат, ал эми муздаткычта болсо  ашкананын жумушчусунун өз соода  сатыгына тиешелүү азыктары сакталат.

Туруктуу комиссиянын депутаттары быйылкы окуу жылында кайрадан кайталап караган мезгилде мурунку көрүнүштөр кайрадан кайталанып, ашканада  майда соода сатык  иштери уланууда. Ал эми балдар тамактануучу ашканда майда соода сатык кылуу антисанитария деп эсептелинет.

№8 Арстанбек Буйлаш уулу орто мектебине депутаттар иш планга ылайык мектептин ашканасын, тамак аштын берилиши жана санитардык абалын жеринде караган мезгилде мектептин эмгек жамааты шаардык Кеңештин депутаттарына мектептин жаңы директорунун ишине нааразычылыктарын билдирип, шаардык мэрия, билим берүү бөлүмунө жетекчини кетирүү боюнча кайрылып жатышса да тиешелүү жооптор берилбей жаткандыгын белгилөө менен экинчи ирээт кайрылышкан.Мектептин эмгек жамаатынын арасында жетекчиге болгон нааразычылыктар орун алууда.

Мындан сырткары бүгункү кундө шаардык мектептерде МЕРСИКО уюму тарабынан алынып келинген азык түлуктөр штаттык бирдик жоктугунан сактоо мөөнөттөрү өтүп жаткандыгы  өкүнүчтүү. Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан алгылыктуу иш аракеттер көрүлбөй келет.

 

            Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын депутаттарынын 2013-2014-окуу жылына жана быйылкы жылдагы 2014-2015-окуу жылына карата Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык Нарын шаарындагы орто мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларына жана бала бакчалардагы тарбияланып жаткан балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, санитардык абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                  

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Нарын шаарындагы орто мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларына жана бала бакчалардагы балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, санитардык абалы боюнча “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт” боюнча туруктуу  комиссиянын  төрагасы  Б.Исмаиловдун билдирүүсү эске алынсын.

 

  1. №8-А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин  ашканасынын  абалы  санитардык талапка жооп бербегендиги белгиленсин жана 2013-2014-окуу жылында белгиленген кемчиликтер 2014-2015- окуу жылында кайрадан кайталанып жаткандыгын белгилөө менен  ашкана кызматкеринин кызмат абалына  чара көрүү мектеп директоруна жана шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.

            Мектептин эмгек жамаатында жетекчиге карата болуп жаткан нааразычылыктарын  жеринде барып угуп тиешелүү деңгээлде иш алып барылбай жаткандыгы шаардык билим берүү бөлүмүнүн ишке болгон шалаакылыгы деп белгиленсин.

 

  1. Нарын шаарындагы бала бакчаларды азык түлүк менен  камсыз кылуудагы өткөрүлгөн тендердик комиссиянын иштериндеги орчундуу кемчиликтери белгиленсин.

       Тендерди  өткөрүү жөнүндөгү маалыматтарды  жеткиликтүү деңгээлде массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу иштерин колго алуу шаардык билим берүү бөлүмүнө (У.Турсунов) , ал эми  тендердик комиссияга  шаардык мэриянын атайын адисин катыштыруу жана тендердин өткөрүлүшүнө көзөмөлдүк  кылуу шаардык мэрияга (С.Эсенаманова) тапшырылсын.

  1. Өздөрүнө тагылган милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн сессияга катышкан депутаттардын ишенбестик көрсөтүүсүнүн  негизинде  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнө ылайык  Нарын шаардык билим берүү  бөлүмүнүн  жетекчиси У.Турсуновдун жана №8 “Арстанбек Буйлаш уулу” атындагы  орто мектебинин директорунун милдетин аткаруучу Р.Мураталиеванын кызмат  ордунан четтетүү  шаардык мэрияга  (Р.Адиев)  милдеттендирилсин.

 

Мектептердин ашканаларынын абалына өз учурунда көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, МЕРСИКО уюму тарабынан алынып келинген азык түлуктөрдүн мөөнөтү өтүп, пайдаланылбай жаткандыгы шаардык билим берүү бөлүмүнүн (У.Турсунов) орчундуу кемчилиги деп эсептелсин.

        

7.     

  1. Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин, бала-бакчалардын ишин жакшыртуу, материалдык техникалык базасын чыңдоо, эмгек коллективтеринин арасында моралдык абалды жакшыртуу максатында ишти билген жөндөмдүү, тажырыйбалуу, кесипкөй жетекчилер менен алмаштыруу  жана айрым  мектеп  директорлорун өз ара ратациялоо  жагы шаардык мэрияга (С.Эсенаманова) тапшырылсын.
  2. Нарын шаарындагы  №14 “Алтын балалык” балдар бакчасынын жана  “Кадам” реабилитациялык борборунун  бакчанын бөлмөлөрүн пайдаланып туруу боюнча  түзүлгөн эки тараптуу келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, “Кадам” реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тарбияланып жаткандыгын эске алуу менен аларды колдоо максатында  башка ылайыктуу  имарат таап жайгаштыруу Нарын шаардык мэриясына (С.Эсенаманова) тапшырылсын.

 

  1. Шаардын бала-бакчаларында иштеп жаткан медайымдардын толук штаттык бирдигин, алардын категорияларын  стажыга кошуу маселесин тиешелүү жогорку органдар менен бирдикте  иш алып баруу  шаардык мэрияга (С.Эсенаманова) тапшырылсын.

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык  “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын сессиянын күн тартибине киргизилүүчү Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректүү колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселесин үзгүлтүкө учуратып, туруктуу комиссиянын депутаттары жеринде барган мезгилде , жетекчи жана орун басарлар иш ордунда жок болуп,  тиешелүү маалыматтар менен камсыз кылып берилбегендиги жана башкармалыктын жетекчиси Ж.Мамбетказиевдин шаардык Кеңештин сессиясына чакырылгандыгына карабастан кош көңүл мамиле жазап  катышпагандыгы үчүн жеке маселесин кароо жана бул маселе боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү шаардык мэрияга (Р.Адиев) тапшырылсын.

 

  1. Нарын шаарындагы билим берүү тармагындагы орун алган орчундуу кемчиликтерге  өз убагында көзөмөл жазабагандыгы үчүн  Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманованын  ишиндеги кемчиликтери белгиленсин.

       Нарын шаарындагы билим берүү тармагындагы орун алган кемчиликтерди жоюу, аларга болгон  талаптарды күчөтүү, аткарылган иштер боюнча маалыматты Нарын шаардык Кеңешине билдирүү Нарын шаардык мэриясына (С.Эсенаманова) тапшырылсын.

 

 

11. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 Төрага                       Э.Турсуналиев                                                      ________________________________________________________________________________Жөнөтүлсүн: иш кагазга,   шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.