НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН №2/1ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ      КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                         №2/1ТОКТОМУ

                29-август 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

 

Усенов Тазабекке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

                Усенов Тазабек 1959-жылы 12-февралда Тянь-Шань районунун Куйбышев атындагы колхоздо жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. 1965-1975-жылдары Куйбышев атындагы орто мектепти аяктаган.1975- 1977-жылдары  Куйбышев атындагы колхоздо колхозчу болуп иштеген. 1977-1983жылдары  Фрунзе шаарындагы автомобиль-жол техникумун артыкчылык диплому менен аяктаган. 1979-1981-жылдары Советтик Армиянын катарына чакырылып, Афганистан Республикасындагы согушка катышкан. 1983-1985-жылдары Нарын шаарындагы №8 ДЭУда жумушчу, 1985-1992-жылдары Бишкектеги “Кыргызжолтрансдолборлоо” институтунун Нарын шаарындагы бөлүмүндө инжинер болуп эмгектенген. 1987-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтка тапшырып, 1993-жылы Кыргыз архитектуражана курулуш иниститунун курулуш факультетинин жол бөлүмүн ийгиликтүү аяктап, инженер-куруучу адистигине ээ болгон. 1992-1996-жылдары Миң-Булак айылында “Карымшак” дыйкан чарбасынын башчысы, 1996-1999-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын өнөр-жай, курулуш, транспорт тармагы боюнча жетектөөчү адис, Нарын шаар башкармасында эл чарба бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген.

                Ал эми 1999-жылдын октябрь айынан тартып, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын системдик администратору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келди. Нарын облустук Афган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун уюштуруучусу, облустук Афган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун координациялык кеңешинин төрагасы.                                                                                                          Усенов Тазабек ардагерлерге ар дайым моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп, жардам жана кеп кеңешин берип келет, Кыргыз Республикасынын жана Нарын облусунун Афган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмдарынын калыптанышына кошкон зор салымы үчүн көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.         “СССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы” жана “Жоокер-интернационалист”, “СССР куралдуу күчүнө 70 жыл” төш белгилери,“Афган элинин ыраазычылыгы”  Казак Республикасынын “Афганистандан Советтик армиянын чыгарылгандыгынын 10 жылдыгы”, КМШ мамлекеттеринин “Афганистан Советтик армиянын чыгарылгандыгын 15 жылдыгы”, КРнын “Афганистандан Советтик армиянын чыгарылдагынын 15 жылдыгы”, КМШ мамлекеттеринин “Согуштун ардагерлери” , Россия мамлекетинин “Согуштун эрдиги жана каармандыгы”, Россия мамлекетинин “Локальдык согуштун катышуучусу”, Россия мамлекетинин “Ата-Журттун жан Мамлекеттин алдындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн”, Россия мамлекетинин Афганистандан Советтик армиянын чыгарылгандыгынын 20 жылдыгына карата”, КРнын Афганистан согушунун ардагерлеринин кеңешинин уюшулгандыгына 20 жыл” медалдары, Россия мамлекетинин “Афгандык данк” ордени , КРнын “Афганистан согушунун ардагерлер Кеңешинин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаардык мэриясынын  “Ардак грамотасы”  КРнын “Афганистан согушунун ардагери”  медалдары менен сыйланган.

                Мамлекеттик кызматтардагы үзүрлүү эмгектери үчүн Афган согушунун катышуучусу Усенов Тазабекке  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Нарын облустук Афган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

1.          Афган согушунун катышуучусу Усенов Тазабекке     Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк   добушуна ээ болгондуктан  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2.         Жобого ылайык Усенов Тазабекке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

                   Төрага                                                                                Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын облустук Афган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмуна, Т.Усенов

Обсуждение закрыто.