НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ                     XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  8 ТОКТОМУ

8-июль  2014-жыл                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаарындагы троллейбус  ДЭПОсунун 1986-жылы     өндүрүштөн чыккан троллейбусун балансадан чыгарууга макулдук берүү жөнүндө

 

            Нарын троллейбус ДЭПОсу шаардык Кеңешке  мекеменин балансасында турган 1984-жылы өндүрүштөн чыккан  ЗИУ-9Б  инвентарь №009 үлгүсүндөгү троллейбусту  көп жылдан бери пайдаланууда жүрүп,  өндүрүшкө пайдаланууга мүмкүн болбой, ремонт жасоого көп акча каражатын талап кылгандыктан,  сессияда карап, чыгыштап  берүү боюнча 2014-жыддын 12-майында № 2 чыгыш  каты менен кайрылган.Аталган троллейбусту чыгыштоо боюнча троллейбус ДЭПОсунун эмгек жамаатынан турган комиссия түзүлүп,    комиссия  троллейбустун техникалык абалын  боюнча  акт түзгөн. Комиссиянын түзгөн актысынын жана туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Нарын троллейбус ДЭПОсунун балансасында турган 1986-жылы өндүрүштөн  чыккан ЗИУ-9 Б  № 009 троллейбусу комиссиялардын түзгөн актысынын жана троллейбус ДЭПОсунун сунуш каттарынын негизинде   балансадан чыгышталсын.

 

  1. 1984-жылы өндүрүштөн  чыккан  ЗИУ-9 Б  инвентарь  № 009 троллейбусунун жарактуу тетиктери өндүрүшкө пайдаланылсын,  ал эми жараксыз тетиктери металлом катары сатылып,  акча каражаты мекеменин кассасына кириштелсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице мэрии А.Сурановго  тапшырылсын.

 

 

   Төрага                                                                      Э.Турсуналиев   Каттоо№2014-25                                               

         

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,троллейбус ДЭПОсуна,юстиция башкармалыгына

Обсуждение закрыто.