НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ           КЕЗЕКТЕГИ             XV  СЕССИЯСЫНЫН

№  6  ТОКТОМУ

16—июль  2014-жыл                                                                                                  Нарын шаары

 

Нарын  шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн “Жол картасын” бекитүү жөнүндө

 

                           Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн «Жол картасы», «2014-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын» негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 30-декабрь 2013-жылдагы №445-б буйругуна ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын, шаардык Кеңештин депутаттарынын, шаардык мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын, коомчулуктун жана түзүлгөн жумушчу топтун сунуштарынын негизинде иштелип чыккан.

            Стратегиянын негизи Нарын шаарынын калкынын жашоо дэңгээлин жана  жакшыртуу, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жаңы чакан ишканаларды ачуу менен аларга жагымдуу шарттарды түзүп, өзгөчө шаарга көңүл буруу менен алдыңкы шаарлардын катарына теңөө болуп эсептелет.

             Нарын шаарынын өнүгүүсүнүн 4-жылдык программасынын негизинде шаардын тармактары боюнча 106 долбоор тартылып, анын жалпы наркы 3328836,3 миң сомдук түзүлмөкчү.

 Нарын шаарынын биринчи-вице мэри А.Сурановдун Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн «Жол картасын» бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн «Жол картасы» бекитилсин жана аткарууга алынсын.

2.      Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жайгашкан менчиктин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн астынкы бөлүгүндөгү жер тиркелерин жана тротуарларын азыркы талапка ылайык брусчатка төшөтүү жана түнкүсүн ар кандай жарыктар менен камсыздоо иштерин жазатуу Нарын шаарынын мэриясына (А.Суранов), Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов) милдеттендирилсин.

3.      Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн «Жол картасы» жергиликтүү “Теңир-Тоо” гезитине, Нарын шаардык мэриясынын веб-сайтына  жарыялансын.

4.      Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов) тапшырылсын.

 

 

   Төрага                                                                  Э.Турсуналиев  Каттоо№2014-23

_______________________________________________________________________  

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,   шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына

Обсуждение закрыто.