Нарын шаардык Кеңешинин 19-январь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы XXVIII сессиясынын №4 токтомуна тиркеме

 

Нарын шаардык Кеңешинин 19-январь 2016-жылдагы                 XXVI чакырылыштагы  XXVIII  сессиясынын №4 токтомуна тиркеме

 

 

Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

ЖОБО

  1. I. Жалпы түшүнүктөр
    • Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы шаардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан негизделген жана Нарын шаарындагы эң жогорку наам  болуп саналат.
    • Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерди жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы, Нарын шаардык мэрия, шаардык Кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук саясий уюмдар сунуштайт  жана ошондой эле жеке инсан  өзүн-өзү  көрсөтөт.
    • Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына сунушталган талапкерлердин документтери шаардык Кеңеш кабыл алып, аны этика боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жөнөтөт.
    • Шаардык Кеңештин этика боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзамдарынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүп, «Ардактуу атуулу»  наамына Жобонун 3\2 бөлүгүнө жооп берген  талапкерлерди шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт.
    • Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын 3/2 добушуна ээ болгондон кийин Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы берилет.
    • Шаардык Кеңештин сессиясында Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуна» өтпөй калган талапкерлер экинчи ирээт сессияга сунушталбайт.

I I  «Ардактуу атуулу» наамына ыйгаруудагы негизги талаптар

 

2.1.    Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» намына татыктуу инсандар:

  • Мурдагы СССРдин учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгектери үчүн ордендердин жана медалдардын ээлери;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын ээлери;
  • Кыргыз Республикасыныне эмгек сиңирген ишмерлер;
  • Көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштуулар;
  • Мурдагы СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;

                                                        -2-

  • Ата Мекендик согуштун ардагерлери, интернационалдык милдеттерди аткарып сыйлыкка ээ болгондор;
  • Облустук жана шаардык  Кеңешке депутат болгон инсандар.

 

2.2.  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат, эгерде талапкер:

  • Нарын шаарынын социалдык- экономикалык өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошсо;
  • Көп жылдар бою саламаттыкты сактоодо, жаштарга билим, тарбия берүүдө  натыйжалуу жыйынтыктарга жетсе;
  • Коомдук тартипти сактоого бөтөнчө салымын кошсо; орден- медалдардын жана башка мамлекеттик сыйлыктын ээси болушкан атуулдар.
  • Шаарга керектүү курулуштарды куруп, жаңы жумушчу орундарын түзгөн эл керектөөчү товарларды чыгарган, чет элдик инвестицияларды тартып, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон жеке ишкерлер, бизнесмендер, коомдук жана коомдук эмес уюмдардын өкүлдөрүнө;
  • Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлер төмөнкү официалдуу документтерди даярдайт:
  • Талапкерлерди наамга көрсөткөн мекеменин жана жамааттын, саясий уюмдун, ишкананын  сунушу же жеке өзүнүн кайрылуусу;
  • Өздүк баракчасы сүрөтү менен;
  • Талапкерлердин өмүр баяны;
  • Мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
  • Республикага, облуска, шаарга жана өзү жашаган аймакта сиңирген өзгөчө эмгектери тууралуу справкалар;
  • 3х4 формасындагы 2 даана сүрөт;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Паспорттун көчүрмөсү.

III.  «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу

3.1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына тандоо, ыйгаруу маселеси жылына  эки жолу  21-март “Нооруз” Элдик майрамына “5 тен 7 адамга чейин”, ал эми   Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын күнүнө карата 15 адамга  чейин Нарын шаардык Кеңешининин сессиясында каралат.

3.2. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуна» сунушталган талапкерлер шаардык  Кенешитин сессиясында  жашыруун добуш берүү  менен ыйгар

                                                                                    -3-

3.3. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу инсанга атайын жазалган Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» күбөлүгү,  төш белгиси жана Нарын шаарынын «Ардактуу атуулунун»  лентасы тапшырылат.

3.4. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» күбөлүгү  шаардык Кеңештин  төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлөт.

3.5. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуна» атайын күбөлүгүн, төш белгисин, лентасын тапшыруу шаардык Кеңештин сессиясында  атайын жыйындарда жана эмгек жамааттарынын жалпы чогулуштарында тапшырылат.

 

  1. IV. «Ардактуу атуулу» наамыны ээ болгон инсандардын ыйгарым укуктары

4.1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуу» наамы  төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот:

  • Шаардын аймагында коомдук транспорттордо акысыз ( таксиден башка) жүрүүгө;
  • Шаардын коомчулугунун ар кандай салтанаттуу жыйындарында ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
  • Шаардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керексиз кабыл алынууга;
  • Жашаган жерине атайын белги илип коюуга.

Нарын шаардык Кеңешинин     аппарат жетекчиси                                                А.Абдыкеримов

Добавить комментарий