НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

                                     XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ   XXVIII  СЕССИЯСЫНЫН                                         №  5   ТОКТОМУ

19-январь 2016-жыл                                                                                                                                      Нарын шаары

                Кыргыз Республикасынын 28.06.1996-жылдагы “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар” тууралуу мыйзамга толуктоолор, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча  Мыйзам долбоору жана турак жай алуу үчүн ипотекалык насыянын төлөмдөрү боюнча Кайрылуу жолдоо жөнүндө

Нарын  шаардык Кеңешинин депутаттарына шайлоочулар жана медицина тармагынын кызматкерлери эки маселе менен кайрылышкан. Биринчиси   Кыргыз Республикасынын 28.06.1996-жылдагы “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар” тууралуу мыйзамга толуктоолор, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтындагы мыйзам долбоорлору бөлүгүнөн окуп,  климаты катаал , жылдын 6 айында суук болгон Нарын облусунун, анын ичинен Нарын  шаарынын тургундары бул Мыйзам долбоорлоруна болгон нааразычылыктарын билдирүү менен бул маселени талкууга коюуп, шаардык Кеңештин депутаттары жана коомчулуктун өкүлдөрү, мекемелердин профсоюуз уюумунун төрагалары , шаардын жашоочулары менен биргеликте коомдук угуу өткөрүп, коомдук угуунун негизинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө Нарын шаарынын элинин   атынан Кайрылуу жолдоо маселесин өтүнгөн.                                                           Экинчи маселе азыркы учурда көпчүлүктүн көңүлүн буруп жаткан турак жай алуу үчүн ипотекалык насыянын төлөмдөрү,  Нарын шаарында бюджеттен эмгек акы алып иштеген мугалимдердин, врачтардын, социалдык кызматкерлердин  жана мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызматтарда иштегендер үчүн төлөөгө оор болуп жаткандыгын, тактап айтканда учурда  үйгө муктаж болуп эмгектенип жаткан  мугалимдердин, врачтардын, социалдык кызматкерлердин  жана башка тармактагы  адистердин эмгек акысы жетпей тургандыгын, ал эми ипотекалык насыяга төлөнүүчү   12 пайыздык үстөк насыяны 10 пайыз кылып берүү боюнча    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кайрылуу жолдоону суранышкан.                                                  Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешине келип түшкөн шайлоочулардын, медицина кызматкерлернинин жана шаар тургундарынын кайрылууларын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                          ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын 28.06.1996-жылдагы “Бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар” тууралуу мыйзамга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча шаардык Кеңештин депутаттарынын,  коомчулуктун, шаар тургундарынын жана мекемелердин профсоюуз уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте 2016-жылдын 21-январында коомдук угуу өткөрүлсүн. Коомдук угуунун жыйынтыгы менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  Кайрылуу ирээтинде каттар жөнөтүлсүн.
  2. Турак жай алуу үчүн ипотекалык насыянын төлөмдөрү бюджеттен эмгек акы алып иштеген мугалимдер, врачтар, социалдык жана мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызматтарда иштегендерге төлөөгө оор болуп жаткандыктан, тактап айтканда учурда үйгө муктаж болуп эмгектенип жаткан  мугалимдердин, врачтардын жана башка тармактагы адистердин эмгек акысы жетпей тургандыгын  эске  алып,  ипотекалык насыяга төлөнүүчү   12 пайыздык насыяны 10 пайыз кылып берүү боюнча    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кайрылуу жөнөтүлсүн.
  3. Кайрылууларды жөнөтүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.

 Төрага                                                                                                                      Э.Турсуналиев                                                                                                                                              

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,

Добавить комментарий