НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
11-февраль 2016-жыл Нарын шаары Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын тургуну А.Сапарбаев “Ак-Коргон” аймагындагы Мусурманкулов №12 дарегинде жайгашкан 4022, 93 чарчы метр жер аянтын К-1 зонасынан Ж-2 зонасына которуп берүүгө арыз менен кайрылган. Жогорудагы жер аянты союз мезгилинде Курулуш министрлигине караштуу Нарын курулуш болүмүнө тиешелүү болгон. Убагында курулуш болүмү жоюлуп кеткенде Нарын шаарында жайгашкан айыл курулуш ПМКсына тиешелүү болуп калган. ПМК башка имарат алып көчүп кеткенде конторасы жана өндүруш үчун керектелүүчү корпустары от казаны менен Нарын шаардык аткаруу комитети тарабынан Нарын шаарынын калкын нан азыктары менен камсыз кылуу үчүн бекер берилип кеткен.Ал эми 1989-жылы калган бөлүгү көп жылдардан бери кароосуз калгандыктан, жер участогу жана толук курулуп бүтпөгөн эч нерсеге жараксыз, тонолгон эки имараты менен жаңыдан уюшулган Нарын курулуш бөлүмү ачылган. Курулуш материалдарын, техникаларды жана курулуш уюумуна тиешелүү болгон жабдыктарды сактоо үчүн эки имараты оңдоп тузөлүп, шлакобетон менен дагы 2 склад курулуп, курулуш монтаждоо жумуштары 2009-жылга чейин иштеп келишкен. Андан бери эч кандай курулуш монтаждоо жумуштары болбогондуктан ишкана токтоп турган. Нарын курулуш ЖЧКсынын баштапкы уставдык капиталынын 85 пайызы А.Сапарбаевге тиешелүу болгондуктан, А.Сапарбаевдин наамына жерге жайгаштыруу башкармалыгынан А.Сапарбаевге мамлекеттик акт берилген. А.Сапарбаевдин Нарынкурулуш ЖЧКсы эч кандай курулуш иштерин аткарбагандыгына байланыштуу, жер салыктарын төлөө кыйынчылыктарды жаратып жаткандыктан 4022,93 жер аянтын К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасынан Ж-2 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки) зонасына которуп берүү боюнча арызы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, туруктуу комиссия бул маселени кезектеги сессиянын кун тартибине киргизүүнү сунуштаган. 4022,93 жер аянтын К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасынан Ж-2 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки) зонасына которуп берүү боюнча жерге жайгаштыруу жана архитектура башкармалыктары да өз бүтүмдөрүн беришкен.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык архитектура башкармалыгынын тиешелүү адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаарынын Мусурманкулов №12 көчүсүндө жайгашкан А.Сапарбаевге таандык 4022,93 чарчы метр жер аянты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасынан Ж-2 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки) зонасына которулсун.
- Нарын шаарынын Мусурманкулов №12 көчөсүндө жайгашкан А.Сапарбаевге таандык 4022,93 чарчы метр жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэрясына, шаардык архитектура башкармалыгына, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткаруу Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри А.Сурановго милдеттендирилсин.
Төрага Э.Турсуналиев
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, архитектурага, А.Сапарбаевге