НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX IX СЕССИЯСЫНЫН № 5/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

  НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                             

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX IX  СЕССИЯСЫНЫН

№  5/2   ТОКТОМУ

11-февраль   2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы троллейбус  ДЭПОсунун 1987-жылы     өндүрүштөн чыккан троллейбусун балансадан чыгарууга макулдук берүү жөнүндө

            Нарын троллейбус ДЭПОсу шаардык Кеңешке  мекеменин балансасында турган 1987-жылы өндүрүштөн чыккан  ЗИУ-678  инвентарь №011 үлгүсүндөгү троллейбусту  көп жылдан бери пайдаланууда жүрүп,  өндүрүшкө пайдаланууга мүмкүн болбой, ремонт жасоого көп акча каражатын талап кылгандыктан,  сессияда карап, чыгыштап  берүү боюнча 2015-жыддын октябрында № 4\10 чыгыш  каты менен кайрылган.Аталган троллейбусту чыгыштоо боюнча троллейбус ДЭПОсунун эмгек жамаатынан турган комиссия түзүлүп,    комиссия  троллейбустун техникалык абалын  боюнча  акт түзгөн. Комиссиянын түзгөн актысынын жана туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Нарын троллейбус ДЭПОсунун балансасында турган 1987-жылы өндүрүштөн  чыккан ЗИУ-678  № 011 троллейбусу комиссиялардын түзгөн актысынын жана троллейбус ДЭПОсунун сунуш катынын негизинде   балансадан чыгыштоого макулдук берилсин.

  1. 1987-жылы өндүрүштөн  чыккан  ЗИУ-678  инвентарь  № 011  троллейбусунун жарактуу тетиктери өндүрүшкө пайдаланылсын,  ал эми жараксыз тетиктери металлом катары сатылып,  акча каражаты мекеменин кассасына кириштелсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице мэри А.Сурановго  тапшырылсын.

 

  Төрага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга,  троллейбус ДЭПОсуна

Добавить комментарий