НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                      НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                     

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIX  СЕССИЯСЫНЫН

№  6   ТОКТОМУ

11-февраль   2016-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаардык мэриясынын сунушунун  негизинде Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин  2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык мэриясы Нарын шаары боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын каржылоосуна сунушталган 8 (сегиз) курулуш обьектилерге даярдалган долбоордук сметалык иш кагаздардын тууралыгын карап, эксперттик кортунуду бергендиги үчүн 6792 (алты миң жети жүз токсон эки) сом Госстройдун алдындагы мамлекеттик экспертиза департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө которуп берүү   жана Нарын шаарынын нефтебаза аймагындагы А.Жусупов көчөсүндөгү жана РТС аймагындагы Ак-шоола көчөсүнүн жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн травессаларды, жыгач түркүктөрдү орнотууга жана чубалгыларды тартууга 59 800 сом акча каражаты 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинде каралып, бирок акча каражатынын тартыштыгынан которулбай калгандыгына байланыштуу 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык чыгымдар” беренесинен Нарын шаарынын жергиликтүү бюджети такталып бекитилгенге чейин  иштин  зарылчылыгына байланыштуу чечип берүү сунушу менен кайрылган.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаарынын мэри Р. Адиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаары боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын каржылоосуна сунушталган 8 (сегиз) курулуш обьектилерине  даярдалган долбоордук сметалык иш кагаздардын тууралыгын карап, эксперттик корутунду бергендиги үчүн 6792 (алты миң жети жүз токсон эки) сом акча каражатын Госстройдун алдындагы мамлекеттик экспертиза департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө  Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин  2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен  которуп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Нарын шаарынын нефтебаза аймагындагы А.Жусупов көчөсүндөгү жана РТС аймагындагы Ак-шоола көчөсүнүн жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн травессаларды, жыгач түркүктөрдү орнотууга жана чубалгыларды тартууга 59 800 сом акча каражатын  Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин  2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен которуп берүүгө макулдук берилсин.
  3. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.

 

  Төрага                                                        Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, шаардык мэрияга,  финансы бөлүмүнө  

Добавить комментарий