Нарын шаардык Кеңешинин 11-февраль 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы XХIХ сессиясынын №3 токтомуна тиркеме

Нарын шаардык Кеңешинин

11-февраль  2016-жылдагы  XXVI чакырылыштагы       XХIХ  сессиясынын №3 токтомуна тиркеме

 

Нарын шаардык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планы

 

Каралуучу маселелердин мазмууну Материалдарды даярдоого жоопту мекемелер жана туруктуу комиссиялар
                                                                                                                 I-КВАРТАЛ
1. Нарын шаардык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары, шаардык Кеңештин аппараты

 

2.

 

 

Нарын шаардык ички иштер бөлүмү жана жол көзөмөлдөө кызматы тарабынан коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукту алдын алууда, жол коопсузудугун сактоодо аткарып жаткан иштери жөнүндө Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты, шаардык ички иштер бөлүмү
3. Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн, Ж.Шералиев атындагы исскуство мектебинин жана балдардын билим берүү борборунун (ДОЦ) аткарып жаткан иштери “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты

 

4. а).Нарын шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын угуу жана талкуулоо;

б).2016-жылдын    жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана  2017-2018-жылдардын жергиликтүү бюджеттин долбоорун    талкуулоо жана бекитүү

«Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы, Нарын шаардык финансы бөлүмү, Нарын шаардык салык башкармалыгы, шаардык Кеңештин аппараты
5. Нарын шаарынын мэриясынын 2015-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери жөнүндө  Нарын шаарынын мэринин отчетун угуу Нарын шаардык мэриясы
6. Нарын шаарындагы суу канал ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо жана  таза суу үчүн чогултулуучу жыйымдын аткарылышы жөнүндө «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты, ММД
                                                                                          II КВАРТАЛ
1 Нарын шаарындагы атайын  жана жогорку окуу жайлардагы билим  берүүнүн сапаты жана окуу жайлардагы жүргузүлүп  жаткан иштер жөнүндө “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты

 

2

 

Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоодо, курууда жол куруучулар тарабынан стандарттык талаптардын аткарылышы, салынган жолдордун сапаты жөнүндө «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты, шаардык мэрия
3  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын аткарууда Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаарындагы мекеме ишканалар тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты, шаардык мэрия
4 Нарын шаарындагы иштебей турган чоң ишканалардын абалы, келечеги жана алардан алынуучу салык жыйымдарынын алынышы жөнүндө Баардык туруктуу комиссиялардын депутаттары, шаардык Кеңештин аппараты, шаардык мэрия, шаардык салык башкармалыгы
                                                                                         III- КВАРТАЛ
1 Нарын  шаарындагы  №2025 аскер бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жана  аскердик кызмат өтөгөн аскерлердин абалын жеринде кароо Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты,
2 Нарын шаардык Кеңешинде  кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө Баардык туруктуу комиссиялар, шаардык Кеңештин аппараты, шаардык мэрия
3 Нарын шаарындагы муниципалдык обьектилерди  ижарага берүүдө  шаардык муниципалдык менчик департаментине берилген пландын аткарылышы, муниципалдык обьектилер боюнча түзүлгөн келишимдердин талаптарынын аткарылышы  жана муниципалдык обьектилердин бүгүнкү күндөгү техникалык абалдары «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты, ММД
4 2016-2017-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын  шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты, шаардык мэрия
                                                                              Практикалык иштер

 

1.   Нарын шаардык Кеңешине жана   депутаттарга келип түшкөн  арыз, даттануулар менен кайрылган  жарандын арыздарын жеринде карап чечүү Шаардык Кеңештин депутаттары,

Кеңештин аппараты.

 

2. Нарын шаарынын тургундары, мекеме ишканалар менен биргеликте бюджеттик угуу өткөрүү Шаардык Кеңештин депутаттары, шаардык мэрия, шаардык Кеңештин аппараты
3. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардык Кеңештин депутаттарынын, фракциялардын иштерин чагылдырырып туруу Шаардык Кеңештин депутаттары,

Кеңештин аппараты.

 

4.  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктууу комиссиялардын башка шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иши боюнча тажырыйба алмашуусун уюштуруу Шаардык Кеңештин депутаттары,

Кеңештин аппараты

5. Нарын шаарынын тазалыгына,       жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине катышуу,  шаардын тазалыгы үчүн атайын ишембиликтерди уюштуруу, питомниктердин, парктардын, скверлердин  абалына көзөмөлдүк кылуу Шаардык Кеңештин депутаттары ,

Кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар.

 

 

6. Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жана мекеме ишканаларга өз учурунда жеткирилишин камсыз кылуу  Шаардык Кеңешинин аппараты
7.  Шаардын атуулдарынан жана мекеме-ишканалардан келип түшкөн арыздардын, каттардын өз учурунда жооп берилишин камсыз кылуу Шаардык Кеңештин аппараты

 

 

 

Нарын шаардык Кеңешинин

          аппарат жетекчиси                                                                                      А.АБДЫКЕРИМОВ

 

Добавить комментарий