НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
14-июнь 2016-жыл Нарын шаары Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаарындагы Таалай көчөсү №119 дарегинде жайгашкан мурунку ЖБИнин короосунан Р.Нуракунова 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиев3266,7 чарчы метр, К.Адылов 1081,0 чарчы метр жер аянттарын сатып алышкан. Жер аянттарына Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан мамлекеттик акт алышкан. Шаар тургундары Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине жогорудагы жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүү боюнча кайрылышкан. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти Нарын шаардык Кеңешине Р.Нуракунованын 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиевдин 3266,7 чарчы метр, К.Адыловдун 1081,0 чарчы метр жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүүгө 2015-жылдын 12-июунунда №03/382 сунуш каты менен кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, арыз ээлери тарабынан шаардык архитектура башкармалыгынан жер аянттарын П-1 (зона промышленных и производственных предприятий ) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки ) зонасына которууга карата №104, №109, №105 бүтүмдөрү жана шаардык салык башкармалыгынан жеке менчик жер ээлерине жер салыгы боюнча карызы жок деген маалыматтар берилген. Жогорудагылардын негизинде бул маселе Нарын шаардык Кеңешинин 10-декабрь 2015-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XXVII сессиясынын күн тартибинде каралып, сессияга катышкан депутаттардын 14ү “каршы”, 7си “макул”, 4ү “калыс” добуш беришип, жыйынтыгында 5\1 токтомунун долбоору колдоого алынбай, Р.Нуракунованынын, Б.Өмүралиевдин, К.Адыловдун жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүү боюнча жазган арыздары канааттандыруусуз калтырылган. Арыз эээлери Нарын шаардык Кеңешинин 5/1 токтомун жараксыз деп таап берүү боюнча Нарын райондор аралык сотуна кайрылышып, соттук отурум арыз ээлеринин арызын канаттандырышкан. Нарын шаардык Кеңешине Р.Нуракунова, Б.Өмүралиев, К.Адылов тарабынан жогорудагы маселени Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиянын күн тартибине киргизип берүү боюнча 2016-жылдын 16-майында арыз менен кайрылышкан.Арыз кайрадан туруктуу комиссиянын кароосуна коюлуп, комиссия сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Жогорудагылардын негизинде сессияга катышкан депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаарынын Таалай көчөсү 119 дарегинде жайгашкан мурунку ЖБИнин короосунан Р.Нуракуновага таандык 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиевге таандык 3266,7 чарчы метр, К.Адыловго таандык 1081,0 чарчы метр жер аянттары Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты П-1 (зона промышленных и производственных предприятий ) зонасынан Ж-2 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки ) зонасына которууда сессияга катышкан депутаттардын 10у “Макул”, 14ү “Каршы” деп добуш бергендигине байланыштуу, тактап айтканда сессияга катышкан депутаттардын тиешелүү добушуна ээ болбогондуктан Р.Нуракунованын, Б.Өмүралиевдин, К.Адыловдун арыздары канаттандыруусуз калтырылсын.
Т=рага Э.Турсуналиев
_________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, арыз ээлерине