НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ XXXII  СЕССИЯСЫНЫН  №  2  ТОКТОМУ

17-август  2016-жыл                                                                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн  ортосунда  республикалык бюджеттен каржылануучу  бир штаттык бирдикти ачуу  боюнча келишимин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 Токтомуна ылайык  2016-жылдын 12-июулундагы Кыргыз Республикасынын  биринчи вице премьер-министри М.Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн отурумда талкууланып, протоколдук  тапшырма берилген. Тапшырманынын негизинде Улуттук статистика комитети , Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишим түзүп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Агенттигине жиберүү тапшырылган. Бул  иш аракеттер аткарылгандан кийин жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга багытталган акча каражаттары которуп берүү каралган. Мыйзамда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин, келишим жергиликтүү Кеңештер тарабынан бекитилүүгө тийиштиги көрсөтүлгөн.

Нарын шаардык мэриясы менен  шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу  бир штаттык бирдикти ачуу  боюнча келишимди бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине 28.07.2016-жылы №03\1268 чыгыш каты менен кайрылышкан.

Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн  ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу  бир штаттык бирдикти ачуу  боюнча келишимди бекитип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун, шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн  жетекчиси Н.Кыдыралиевдин билдирүүлөрүн  угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                           ТОКТОМ        КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 Токтомуна ылайык Нарын шаардык мэриясы менен шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн ортосунда республикалык бюджеттен каржылануучу  бир штаттык бирдикти ачуу  боюнча келишими бекитилсин.(келишим тиркелет)
  2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 Токтомуна ылайык, Нарын шаардык мэриясы менен  Нарын шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн  ортосунда түзүлгөн келишимди аткарууга багытталган штаттык бирдикти каржылоого жыл сайын республикалык бюджеттен  акча каражатын каржылатууну колго алуу   мэрияга жана шаардык статистика бөлүмүнө тапшырылсын.

  Т=рага                                                         Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:иш кагазга,  шаардык мэрияга, шаардык  статистика        бөлүмүнө

 

 

 

 

 

Добавить комментарий