НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXIII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                  НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                            

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ XXXIII  СЕССИЯСЫНЫН

№  3  ТОКТОМУ

17-август  2016-жыл                                                                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин кызматкерлерине бир айлык өлчөмдө  сыйлык берүү жөнүндө

                 Нарын  шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлеринин атынан Нарын шаардык мэриясы  31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлерине  материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир айлык өлчөмдө сыйлык берүү жөнүндө атайын сунуш кат менен кайрылышкан. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы  Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясында каралып, бул маселени сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунушташкан.

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлерине  материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир айлык өлчөмдө сыйлык берүү жөнүндө комиссиянын төрагасы Ж.Ботокановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын  шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлеринин атынан Нарын шаардык мэриясы  31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлерин сыйлоо максатында 2016-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен  жергиликтүү бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттын  эсебинен бир айлык өлчөмдө сыйлык берилсин.
  2. Токтомду аткаруу Нарын шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
  3. Бөлүнгөн акча каражатын   камсыз кылуу  Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын эсеп кысап бөлүмүнө тапшырылсын.

  Т=рага                                                                           Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга,

 

Добавить комментарий