НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXV СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXXV  СЕССИЯСЫНЫН

№  7  ТОКТОМУ

15-сентябрь   2016-жыл                                                                                                           Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 23-мартындагы   XXVI  чакырылыштагы  кезектеги XXXI сессиясынын №2\3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын шаарынын мэри Р.Адиев Нарын шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 23-мартындагы   XXVI  чакырылыштагы  кезектеги XXXI сессиясынын 2/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча сессиянын күн тартибине кошумча маселе киргизген. Токтомго өзгөртүү киргизүү боюнча Нарын шаарынын мэри  Р.Адиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин XXVI  чакырылыштагы  кезектеги XXXI сессиясынын №2\3 токтомунун 1-пунктунун 2 абзацындагы сүйлөм толугу менен алынып салынып  “ Нарын шаарынын  жаштар паркын тосууга 300,0 (үч жүз) миң сом”  деген сүйлөм менен толукталсын.

 

  1. Нарын шаарынын жаштар паркын тосууга бөлүнгөн 300,0 (үч жүз) миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагын кароо шаардык Кеңештин алдындагы   Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  Төрага                                                                                           Э.Турсуналиев

__________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга

 

 

Добавить комментарий