ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
15-октябрь 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык прокуратурасынын доо арызынын негизинде шаардык Кеңештин
11-апрель 2012-жылдагы №4 токтому менен кабыл алынган Жобонун айрым пункуттарын жокко чыгарган Нарын райондор аралык сотунун чечимин аткаруу жөнүндө.
Нарын шаардык прокуратурасы шаардык Кеңештин кабыл алынган токтомдору боюнча текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында шаардык Кеңештин 11-апрель 2012-жылдагы №4 токтому менен кабыл алынган жобонун айрым главаларынын пукуттарын жокко чыгаруу боюнча доо арыз менен Нарын райондор аралык сотуна кайрылган.
2012-жылдын 31-июлунда Нарын райондор аралык сотунун ачык отурумунда шаардык муниципалдык менчик департаментинин,юстиция башкармалыгынын адистеринин катышуусунда шаардык прокуратуранын доо арызы каралган. Шаардык прокуратурасынын доо арызынын негизинде Нарын райондор аралык сотунун 31-июль 2012-жылдагы Иш АД-104/12-МН чечими менен 11-апрель 2012-жылдагы депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXV чакырылыштагы XXIII сессиясынын №4 токтомунун №2тиркемеси менен бекитилген «Жеңилдетилген типтеги обьектер үчүн Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобосунун 3-главасынын 5-пункутунун «а» пункутчасы, 7- пункутунун «а», «б» пункутчасы жана 9-главасы толугу менен жокко чыккан.
Нарын райондор аралык сотунун 31-июль 2012-жылдагы Иш АД-104/12-МН чечиминин негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын райондор аралык сотунун 31-июль 2012-жылдагы Иш АД-104/12-МН чечиминин негизиндеНарын шаардык Кеңешинин XXV чакырылыштагы XXIII сессиясынын №4 токтомунун №2тиркемеси менен бекитилген «Жеңилдетилген типтеги обьектер үчүн Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобосунун 3-главасынын 5-пункутунун «а» пункутчасы, 7-пункутунун «а», «б» пункутчасы жана 9-главасы толугу менен жокко чыккандыгына байланыштуу Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти (Н.Максуталиев) тарабынан бул токтомду аткаруу жетекчиликке алынсын.
2. Жобого киргизилген өзгөртүүлөрдү «Теңир-Тоо» газетасына жарыя кылуу Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине (Н.Максуталиев) милдеттендирилсин.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык ММДне