ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
15-октябрь 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы спорт мектептеринин жана Нарын шаардык архитектура башкармасынын жетекчилеринин аткарып жаткан иштерин кароо боюнча шаардык Кеңештин 18-сентябрь 2012-жылдагы №41-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын билдирүүсү жөнүндө.
Нарын шаарындагы спорт мектептеринин жана Нарын шаардык архитектура башкармасынын жетекчилеринин аткарып жаткан иштерин боюнча шаардык Кеңештин 18-сентябрь 2012-жылдагы №41-б буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, алардын элге кызмат кылуудагы жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгышкан.
Нарын шаардык архитектура башкармалыгына келип түшкөн арыз даттанууларга өз убагында жооптор берилбей одоно тартип бузуулар аныкталган. Арыз даттанууларды каттоочу 7 жана «Бирдиктүү терезе» боюнча 11 журналды караган мезгилде шаар тургундарынан, жогорку органдардан келген арыз даттануулардын, каттардын жооптору берилгени же берилбегени боюнча каттоого түшүп чыгышталган күнү, номери коюлган эмес. Нарын облустук мамлекеттик администрациясынан 5 кат келсе, 2 катка жооп берилбеген. Нарын шаардык саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү мекемелеринен 93 кат келсе, 7 катка , шаардык мэриядан 163 кат келсе, анын 69 на жооптор берилген эмес.
Комиссия тарабынан жогорудагы кириш каттардын жооптору берилип же аткарылып, бирок журналга өз убагында түшүрүү мүмкүн болбой калбасын деген шарт менен 1 жума мөөнөт ичинде тактоолор жүргүзүлүп, комиссияга тактап берүү өтүнүчү менен кайрылган учурда башкармалыктын жетекчилиги тарабынан жыйынтыктуу иш жүргүзүлбөгөн. Ушундай эле өтүнүч менен башкармалыктын орун басарына жана «бирдиктүү терезе» кызматынын адисине кайрылган учурда да жыйынтык чыккан эмес.
Ал эми башкармалыктын өндүрүштүк отчеттору боюнча алсак, Нарын шаарынын эли архитектура башкармалыгына жеке турак жайларын мыйзамдаштырып сатыкка, банкка күрөөгө же госрегистрден каттоодон өткөрүү зарылчылыктары, маселелери менен көп кайрылышат.Ошол иш наказдарынын даярдалышына кайрылган жарандардын турак жайынынын эски же жаңы салынышына карабастан ар бир турак үйдүн долбоору болушу зарыл.Бул иш кагаздардын баардыгы шаардык архитектуктура башкармалыгы тарабынан аткарылышы керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-май 2008-жылдагы №252 токтомуна ылайык ар бир турак үйгө долбоор алыш үчүн (бирдиктүү терезе боюнча) инженердик техникалык шарт, долбоор аткарылып, андан ары долбоорду макулдашуу, курулушка уруксат берүү, курулушун көзөмөлдөө жана турак үйдү кабыл алуу процесстери каралган.Бул иш кагаздарды башкармалыктын бул тармак боюнча тейлөөчү адиси жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, башка кызматкерлер иш кагаздарды толук көрсөтө алышкан эмес.Ал эми «Бирдиктүү терезе» боюнча катталган журналды караган мезгилде бул маселе боюнча иш кагаздар аз кириштелген.
Нарын шаарынын эң ири соода комплекстеринин мисалы «Он-Арча» соода комплексинин долбоору шаардык архитектура башкармалыгынын кызматкерлери (Арх. Муталипов М, конс-р БекбоевТ ) тарабынан, С.Орозбак №45 көчөсүндөгү Б.Аттокуровдун заказы боюнча даярдалган долбоордо (арх Рахатбек уулу Эркин конс-р Бекбоев Т) тарабынан даярдалып , ал эми долбоордун титулдук бети Бишкек шаарындагы жеке фирмалар аркылуу түзүлдү делип печать коюлуп, акча каражаттары Нарын шаардык архитектура башкармалыгынын эсеп счетунан сырткары жеке фирмага түшкөн.
Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинде уюшулган «Бирдиктүү терезе» тобунун иши менен таанышкан учурда, ар жуманын дүйшөмбү жана жума күндөрү шаар тургундарынан келген арыз даттанууларды өз учурунда чечип иш жүргүзүү, элдин суроо талабын чечүү, боюнча архитектура жана жерге жайгаштыруу башкармалыктарынан атайын бирден адис бекитилсе, бир жума бою шаардык архитектура башкармалыгынын тиешелүү адиси келип ишке катышпагындыгы аныкталган.
Тактап айтканда жерге жайгаштыруу башкармалыгынан А.Сулайманова жана муниципалдык менчик департаментинин адистери жер маселеси менен кайрылган жарандар менен, арыз даттануулар менен иш алып барып, түздөн-түз тиешеси бар архитектура башкармалыгынын адистеринин өз ишине жоопкерчиликсиздиги көрсөтүлгөн.
Шаардык архитектура башкармалыгынын кредитордук карызы 2012-жылдын 1-октябрына карата социалдык фондко 6716 сомду, ал эми салык башкармалыгына 22638 сомду түзөт.
Ал эми түзүлгөн депутаттык комиссия Нарын шаарындагы дене-тарбия жана спорт мекемелеринин жана атайын спорт мектептеринин ишин кароодо Нарын шаардык дене-тарбия спорт бөлүмүнүн аткарып жаткан ишин жеринде барып караган учурда, азыркы учурда 3 кызматкер эмгектенип, 2011-жылдан бери шаардык спорт бөлүмү облустук спорт комитетинин функцияларын кошо аткарып жаткандыгына, ал жумуштарды аткаруу коомдук башталышта болуп кошумча иштерди аткарууда көптөгөн кыйынчылыктар болуп, дене тарбия бөлүмүндөгү 3 кызматкер жетишпей жаткандыгын бөлүмдүн башчысы С.Жусупов билдирген. Кошумча штаттык бирдик ачуу боюнча шаардык финансы бөлүмүнө бир нече ирет кайрылуу болсо да жыйынтык чыккан эмес.
Шаардык спорт бөлүмүнүн иш планы менен таанышкан учурда, календарлык иш план түзүлүп шаар мэри тарабынан бекитилген, бирок иш планда көрсөтүлгөн иш чаралардын айрымдары өз мөөнөтүндө өткөрүлбөгөн.
Бүгүнкү күндө шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмү облустук спорт комитетинин ишин кошо алып барып жаткандыктан , буйруктун негизинде спорттун кээ бир түрлөрү боюнча Республикалык мелдешке катышып келип жаткан спортчулар үчүн каржылануучу акча каражаттарды төлөп берүүнү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн суралууда.
Мындан сырткары шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн кызматкерлеринин иш кабинеттеринин тардыгы эң башкы орчундуу маселе. Тактап айтканда бөлүмдүн жетекчиси тарабынан Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин күн чыгыш тарабындагы жайгашкан имараттагы өзүлөрүнө тиешелүү иш кабинеттерди кайтарып алууга алгылыктуу иш аракеттерди жасалган эмес.Депутаттык комиссиянын шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн бүгүнкү күндө аткарып жаткан ишин караган мезгилде өзгөчө көңүл бөлүүчү жагдай болуп, бөлүмдүн жетекчисинин атайын спорт билиминин жоктугунан, анын техникалык багыттагы адистикти аяктагандыктан шаарда спорт жаатындагы иш аракеттердин алгылыктуу аткарылбай жаткандыгына баа берилди.Ушуну менен катар Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин күн чыгыш тарабында орун алган мурдагы спорт залын ремонтоо иштери боюнча грант жазылып, тендерди утуп алган тараптар иштер аягына чыкпастан бөлүнгөн акча каражаты өз багытында жумшалбаган.
Нарын шаардык балдар -уландар спорт мектебинде спорт мектептин тарбиялануучулары шаарыбыздын ар кайсы мектептеринин спорт залдарында спорттун төрт түрү боюнча машыгуу өткөрүшөт, ал эми спорт машыктыруучуларды жумушка алуу жана бошотуу шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт. Комиссия мүчөлөрү тарабынан спорт мектебинин машыктыруучуларыны сабак өтүү графиктерин жана иш пландарын сураган учурда мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары Ж.Айсаев жаш балдарды секцияга жазуу уланып жаткандыгына байланыштуу графиктер жана иш планды тактоо аягына чыга электигин билдирген. Спорт мектебинде мектеп директорунун иш аракети менен грек-рим күрөшү боюнча штаттык бирдиктер ачылып, болочок машыгуулар өтүүчү зал да даяр болгон.Спорт мектебинде акыркы мезгилдерде окуу иштери боюнча директордун орун басары бат-баттан алмашылып, машыктыруучулар сабак өтүүнүн ордуна ар кандай интригалар менен алек болуп келишкендиги малым болгон. Нарын шаарындагы С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш спорт мектебинде машыктыруучулардын иш графиги бекитилген. Бекитилген графике ылайык машыгуулар шаарыбыздын Алма-Бак аймагындагы спорт аянтчасында, Ү.Асанов атындагы лицейдин спорт залында жана шаарыбыздын спорт мектептеринин атайын залдарында өтүлүп жаткандыгын мектеп директору С.Бекмамбетов билдирген.Комиссия мүчөлөрү тарабынан айтылган жерлерде спорт машыгууларын текшерүүгө барганда мектепке 2004-жылы 31-августта жеке ишкер Ж. Токтогазиев тарабынан мектептин жамаатына «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобус белекке берилип, бирок бул автоунаа мектептин керектөөсүнө колдонулбастан, мектептин балансасына кириштелбестен, мектеп директору тарабынан Бишкек шаарына арендага берилгендигин, ал эми аренда акысынан түшкөн акча каражат эч бир эсеп счетто кириштелбегендиги белгилүү болгон. Бул маалыматты тактоо ирээтинде мектеп директору менен сүйлөшүү жүргүзгөн мезгилде, мектеп директору «ал кичи автобус эскирип калгандыгына байланыштуу жеке ишкер Ж.Токтогазиев 2011-жылы менчикке чыгарып алууга уруксат берген» деп жооп берген.
«Намыс» ден соолукту чыңдоочу борбордун аткарып жаткан иштери менен таанышкан учурда, ден соолукту чыңдоочу борбордо ар кандай спорт оюндары боюнча машыгуулар болуп жаткан. Ден соолукту чыңдоо борборунда мекеме ишканалар арасында өтүүчү оюндар жана машыгуулар үчүн саатына 200 сом акча каражатын төлөп турушат.
Бул ден соолукту чыңдоо борборун Нарын мамлекеттик универститетинин оперативдик башкаруусунан муниципалдык менчикке алып Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебине өткөрүлүп бергенде, мектептин директору борборду оңдоп түзөө иштерине жана ремонт иштерине демөөрчүлөр тарабынан акча каражаты даяр экендигин билдирген.Бирок, бүгүнкү күндө ден соолукту чыңдоо борборунда алгылыктуу ремонт иштери жазалган эмес.
Борбордун артындагы балдар кийим которуучу бөлмөлөр, сауна жана жуунуп тазалануучу жайлар мурунку абалында.Машыгуудан кийинки жуунучу жайды(душевой) ишке бергени менен санитардык талаптарга жооп бербейт.Борбордун айнектери, терезелеринин көпчүлүгү сынып талкаланган.Аларды алмаштыруу боюнча эч кандай иштер аткарылган эмес. Нарын облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан жуунуп-тазалануучу, кийим которуучу жайларды ирээтке келтирүү үчүн акча каражаты бөлүнүп берилген.Бөлүнгөн акча каражатына алынып келинген курулуш материалдары, инвентарлар жөнүндө мектеп директорунан маалымат сураган учурда «баардыгын даярдап берем» деген жооп айткан.Бирок ушул күнгө чейин эч бир маалымат бере алган жок.Мындан сыркары НМУдан өткөрүп алган балдар машыгуучу атлетик тренажорлордун бирөөсү дагы ордунда болгон эмес.Тактап айтканда ден соолукту чыңдоо борборуна батпай жаткан учурда башка жерлерге койгонбуз деген жооп айтышкан жана ушул эле учурда Бишкек шаарынан кайрадан башка тренажерлорду сатып келип, чаң бастырып бир бөлмөгө киригизип коюшкан.Бул фактыларга таянсак бөлүнгөн акча каражаты өз багытына жумшалган эмес.
Мындан сырткары жуунучу жай(душевой) үчүн ар бир жуунган адамдан алты айдан бери 20 сомдон акча каражатын алат деген маалыматтар айтылган жана ал каражаттарды кириштөө кандай тартипте жүргүзүлүп жаткандыгы белгисиз.
Нарын шаардык мэриясынын коллегиясында 2009-жылдан бери спорт мектептеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча бир дагы жолу каралган эмес
Нарын шаарындагы спорт мектептеринин жана Нарын шаардык архитектура башкармасынын жетекчилеринин аткарып жаткан иштерин кароо боюнча шаардык Кеңештин 18-сентябрь 2012-жылдагы №41-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын атайын берген маалыматынын негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарындагы спорт мектептеринин жана Нарын шаардык архитектура башкармасынын жетекчилеринин аткарып жаткан иштерин кароо боюнча шаардык Кеңештин 18-сентябрь 2012-жылдагы №41-б буйругунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Нарын шаардык архитектура башкармалыгынын Нарын шаарынын элине кызмат көрсөтүүдө аткарып жаткан иштериндеги кемчиликтери белгиленип, Нарын шаардык мэриясы (А.Суранов) тарабынан башкармалыктын жетекчиси У.Калмамбетовго тиешелүү чара көрүү жагы тапшырылсын.
3.Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө (С.Жусупов), шаардык балдар-уландар спорт мектеби (Б.Турганбаев) С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш спорт мектеби (С.Бекмамбетов) тарабынан иштериндеги орчундуу кемчиликтери белгиленип, 2009-жылдан бери спорт мекемелеринин аткарып жаткан иштери шаардык мэриянын коллегиясында каралбагандыгы , шаардык мэрия (Б.Жээналиев, С.Эсенаманова) тарабынан шаардын спорт тармагына көңүл бурулбагандыгы белгиленсин.
Облустук балдар уландар спорт мектебинин ишиндеги кемчиликтерди жойууга карата алгылыктуу иштерди жүргүзүү Нарын облустук мамлекеттик администрациясына
(Ч.Абдыраимакунова) тапшырылсын.
4.Нарын шаардык финансы бөлүмү (Ж.Урустемов) 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбооруна шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө бир штат ачып берүү жагын депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына сунуштоо милдеттендирилсин.
5. Нарын шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнө тиешелүү кабинеттерди чечип берүү Нарын облустук балдар уландар спорт мектебинин директору К.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2012-жылдын 15-ноябрына чейин шаардык Кеңешке кагаз жүзүндөгү маалымат берүү Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, спорт мекемелерине, шаардык архитектурага, финансы бөлүмүнө