ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
15-октябрь 2012-жыл Нарын шаары
2012-2013-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштерин кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин
18-сентябрь 2012-жылдагы №40-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын билдирүүсү жөнүндө.
2012-2013-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана тиешелүү тармактардын жүргүзүп жаткан ишин кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 18-сентябрь 2012-жылдагы №40-б буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо бирикмесинин жана Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын кышка карата даярдыктарын жеринде барып карап көрүшкөн.
Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине тиешелүү шаар боюнча 17 откана бар, анын ичинен 15 откана электр энергиясы, 2 откана көмүр менен иштейт.
Жалпы шаар боюнча бүгүнкү күндө жылуулук трассаларын оңдоодо жана стояктарды жаңыртууда 634 метр ар түрдүү диаметрдеги трубалар менен алмаштырылып, изоляцияланып жабылган. Ремонт иштерине 1518,2 миң сом акча каражаты жумшалган. Ремонттоо иштери «Московский», «Ипподром» жана «ЦРК» борбордук отканаларында жүргүзүлгөн.
2012-2013-жылдарга от жагуу сезонуна 3000,0 тонна көмүр тартуу пландаштырылган, тартылуучу көмүрдүн 1800,0 тоннасына 2012-жылдын 25-июнунда тендер өткөрүлүп, жыйнтыгында «Намад Терра» ЖЧКу аркылуу Казахстандын көмүрү тартылыш керек болсо, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы тонна көмүр тартылган эмес.Ал эми 1200,0 тонна көмүр тендер аркылуу «Кыргызжилкомунсоюз» мамлекеттик ишканасы тарабынан «Сардар»ЖЧКу сентябрь айынан баштап көмүр тартыла баштаган.Тактап айтканда бүгүнкү күнгө болгону 132 тонна көмүр 4,4 пайызга тартылган.Ал эми калган керектелүүчү көмүрдү өз убагында тартып алуу Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин жоопкерчилигинде турат.
Нарын жылуулук берүү ишканасынын эң орчундуу маселелеринин бири электр энергиясына болгон 76 686,0 миң сом түзөт.Бул акча каражаттын ичинен 27 466, 9 миң сому үстөк (пения) болуп эсептелинет.
Билим берүү тармагы боюнча Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар исскуство мектебине 80 тонна көмүр керектелсе, бүгүнкү күнгө 15 тонна же 18,7 гана көмүр тартылган.
2012-2013-жылдары шаар элине 2000 тонна көмүр тартуу пландалса, бүгүнкү күнгө 450 тонна көмүр сатылууда . Шаардык мэрия Нарын шаарынын ичинде төрт жерде РТС аймагында «Көкөмерен №3» дарегинде, городок аймагында «Нарын-Эт» ЖЧКда, интернат жатак мектебинин отканасында жана «Абдырай-Ата» базарынын маңдайында көмүр сатуучу жайлар уюштурулгандыгын маалымдашкан. Бирок, комиссия бул көмүр сатуучу жайларды кыдырган мезгилде бир дагы көмүр сатуучу база иштеген эмес, натыйжада элге сатылган 450 тонна көмүр кайдан сатылганы белгисиз.
Ал эми Нарын электр тармактар ишканасы 2012-жылдын 8 айында Нарын шаарынын электр тарамдарында 102261,1 мин кВтс электр энергиясы пайдаланылган же өткөн 2008-жылдын 8 айында бул көрсөткүч 85871,1 мин кВтс түзүп же 16390 мин кВтс көп пайдаланылган.Кабыл алынган энергиянын ичинен жалпы коромдор 20950,8 мин кВтс же 20,49%, ал эми 2011-жылдын 8 айында 20700,2 мин кВтс же24,11%). 2012-жылдын 8 айында пайдаланылган энергия 80607 мин кВтс же 81188,1 миң сомго сатылган.Сатылган продукция 571196,0 миң сому же 70,4 пайызы жыйналган.Орточо сатуу тарифи 1кВтс үчүн 1,01 сомду түзгөн.Сатылган энергия жана андан келип түшкөн акча каражаттарын тактоо максатында, кардарлар менен эсептешүү авоматташтылылган.Мекемелер жана шаар тургундары менен эсептешүүдө 100 пайыз счет таркатылат.
Кардарлар менен эсептешүү, пайдаланган энергия үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү жеке кардарларды тейлөө почта бөлүмдөрү жана туруктуу коюлган кассалар аркылуу жүргүзүлүп келет Нарын ЭТРда жалпы 7 почта бөлүмү бар.Мындан сырткары төлөмдөрдү чогултуу рейд учурунда атайын касса аппараттары аркылуу жүргүзүлөт.
Мекеменини дебитордук карызы 103426,0 миң сомду түзөт.Мунун ичинен элдин карызы 10 078,5 миң сом. Ал эми мекемелер боюнча алсак туумдары менен (пениясы менен) шаардык жылуулук берүү ишканасынын карызы — 73685,0 миң сом, суу канал ишканасы -507, 8 миң сом, «Таза-Нарын» ишканасы 1314,5 миң сом, троллейбус ДЭПОсу 647,6 миң сом, мектеп лицей 2378,3 пайыздык түзүмү менен тактасак бул карыздардын 14,2 пайызын элдин карызы түзсө, жылуулук берүү ишканасынын карызы жалпы карыздын 64,9 пайызын түзөт.
Комерциялык коромдорду кыскартуу максатында ЭТР тарабынан иш аракеттер жүргүзүлүп, электр эсептегичтерди сыртка чыгаруу иштери улантылууда жана ар бир үйдүн алгачтары (ввод) талаптагыдай зымдарга алмаштырылууда.
Бирок бул иш аракеттер мурунку жылдарга салыштырмалуу жай жүргүзүлүүдө.
Кышка карата даярдык көрүүдө мекемеде запастык бөлүктөр акча каражатынын тартышсыздыгынан жетишпей келет. Алсак автоматтык өчүргүчтөр, ачык зымдар, обмотканы түргөн аппараттар, изоляциялык материалдар , трансформатордук токтор, электр эсептегичтери ж.б
Нарын суу канал ишканасы шаардын калкын жана мекеме ишканалардын таза-суу менен камсыз кылат жана ыплас сууларын кабыл алып тазалайт. 2012-жылдын 1-сентябрына карата шаардын калкы жана мекеме ишканалар 720,0 миң м3 таза суу берилип 510,0 миң.м3 ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрүлгөн.
8 айдын ичинде 118 даана суу алуучу колонка учурдук оңдоодон өткөрүлдү. (Борбордук чөлкөмдө 60, Чыгыш чөлкөмүндө 46, Батыш чөлкөмүндө 12), 21 калонка капиталдык ремонттон өткөрүлгөн ( чыгыш чөлкөмүндө 10, борбор чөлкөмүндө 2, батыш чөлкөмүндө 9), суу кудукчуларынын ичиндеги 11 даана винтилдер алмашылган, мындан сырткары Борбор чөлкөмүндө 59 метр суу түтүкчөсү жана бир задвижка алмашылган. Мындан сырткары 16 даана суу кудукчаларынын ичтери тазаланган.Баласагын, Кулумбаев көчөлөрүндөгү суу алуучу колонкалар тургундардын кайрылуусу боюнча башка жерге жылдырылып жаңы суу алуучу кудукчалар курулган.Суу алуучу колонкалардын баардыгы учурдук оңдоодон өткөрүлгөн.Шаар ичинде 11 жерде суу түтүгүнүн жарылуулары болуп, алар өз учурунда оңдолуп кайра калыбына келтирилген.
Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,26 миң м3 суткалык үч суу алуучу жай бар. Алар Ак-Бечел, Батыш, Теке-Секирик суу алуучу жайлары. Мындан сырткары кирпич завод скважинасы.
Бул суу алуучу жайлар боюнча оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү тетиктери алмаштырылып, ичүүчү суулар жөнөкөйлөтүрүлгөн ыкма менен хлор салынып, ай сайын сан-эпидем станциясынын адистери тарабынан суунун сапаты текшерилип турат.
Мындан сырткары көп кабатуу үйлөрдүн жашоочуларынан түшкөн кайрылуулардын негизинде Ленин 104, Раззаков 1б, Ленин 59,Ленин101г,Ленин 103ж, Ленин 97 үйлөрүнүн айрым квартираларынын канализациялык түтүктөрү жана суу түтүктөрү ж.б тектиктери алмашылган. Шаардагы канализация системасын тазалоо иштери жүргүзүлүп, тыгылып калуулар калыбына келтирилген.
Жыл башынан бери ашар жолу менен борбордоштурулган суу түтүкчөлөрү жок Кызыл-Сарай, С.Мамбетсултанов конуштарына жана «Ыйман» бала-бакчасына, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Ардагерлер бөлүмүнө, Шералиев көчөсүнө спонсордук, элдик жана мекеменин өздүк салымдары менен 1985 метр жерге суу түтүгү тартылып 4 суу алуучу колонка орнотулган.
Көп жылдан бери көйгөйлүү маселелердин бири болуп, чечилбей келе жаткан Төш-Булак аймагына таза суу чыгартууга водопровод системасын куруп берүү боюнча АРИС уюмуна берилген сунуш жактырылып, АО «Промпроект» аркылуу наркы 32млн сомду түзгөн проектно-сметный документациясы(ПСД) толугу менен даяр болгон.Жакынкы күндө тендер өткөрүлүп курулуш иштерин баштоочу генподрядчиктер аныкталууда.
Ак-Бечел суу алуучу жайынын реабилитациялоо иштери боюнча Госстрой аркылуу бөлүнүп берилген 75000,0 сомдун жумушу толугу менен аткарылды. Эгер Өкмөт тарабынан 6000,0 сом берилсе долбоорго кирген баардык сооружениялар октябрь айында толук бүткөрүлмөкчү.
Ал эми мекеме тарабынан кызмат көрсөтүүдө акча каражытын чогултуу 81 пайызга же 7810,7 миң сомго аткарылган. Суу канал ишканасынын дебитордук карызы жалпы 6538,7 миң сомду түзөт. Анын ичинен бюджеттик мекемелердин карызы 2378,9 миң сомду, чарбалык мекемелер 59,8 миң сомду, элдин карызы 4100,0 сомду түзөт.
2012-2013-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштерин кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин
18-сентябрь 2012-жылдагы №40-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын жана мекемелердин берген маалыматтарына ылайык депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2012-2013-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштерин кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин
18-сентябрь 2012-жылдагы №40-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын жана мекемелердин берген маалыматтары эске алынсын.
2. 2012-2013-жылдарга от жагуу сезонуна«Намад Терра» ЖЧКу аркылуу Казахстандын көмүрүн тартууда кыш айлары жакындап келе жаткандыгына карабастан убакытты создуктуруп, көмүр тартууну бүгүнкү күнгө чейин кечеңдетип жаткандыгына байланыштуу
керектелүүчү көмүрдү 2012-жылдын 15-ноябрына чейин тартуу Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине (У.Айтиев) милдеттендирилсин.
3. Нарын шаарынын ичинде 4 жерде башкача айтканда РТС аймагында «Көкөмерен №3» дарегине, городок аймагындагы «Нарын-Эт» ЖЧКга, интернат жатак мектебинин отканасына жана «Абдырай-Ата» базарынын маңдайына көмүр сатуучу жайлар уюштурулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин шаар элине көмүр тартып келүү жумуштарынын кечеңделип жаткандыгы, Нарын шаардык мэриясынын (Б.Жээналиев, А.Суранов) өз иштерине кош көңүл мамиле жазагандыгы белгиленсин.
4.Шаардык мэрия тарабынан (А.Суранов) жылуулук берүү ишканасына (У.Айтиев) жалпы окуу жайларга, бала-бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, эл жашаган көп кабаттуу үйлөргө нормага ылайык, үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуусуна, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулоого, Нарын суу канал ишканасынын (Т.Ибраев) жылуулук түтүкчөлөрүн жана суу алуучу калонкалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жана электр тармактар ишканасына (К.Дүйшеев) электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо, ТПлардын абалын кайрадан карап чыгуу, керектүү жерлердин ТПларын, линияларын алмаштыруу, айрыкча калктын аярлуу катмарында турган үй-бүлөлөрдүн электр жарыктарын өчүрбөөгө жана дебитордук карыздарды өндүрүүгө карата тапшырмалар берилсин жана тиешелүү чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
5. Шаардын элине, айрыкча калктын аярлуу катмарларын сапаттуу, арзан көмүр менен камсыз кылуу жана 2012-жылдын 10-ноябрына чейин көмүр тартуу иштерин уюштуруу шаардык мэрияга ( А.Суранов) милдеттендирилсин.
6.Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын акими К.Дүйшеевге, Нарын жылуулук берүү ишканасынын директору У.Айтиевге, Нарын суу канал ишканасынын акими Т.Ибраевге дебитордук карыздарды өндүрүү жана электр, жылуулук энергиясынын, таза суунун коромдорун кыскартууга өзгөчө көңүл бурулсун, ага карата тиешелүү деңгээлде иштер жүргүзүлсүн.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жеткиликтүү чараларды көрүү жагы Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиевге) милдеттендирилсин.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, жылуулук берүү ишканасына, суу канал ишканасына, электр тармактар ишканасына