ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН
№5/8 ТОКТОМУ
21-январь 2012-жыл Нарын шаары
Досмамбетов Малай Жумакадыровичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Досмамбетов Малай Жумакадырович 1951-жылы Нарын шаарында туулган. 1969-жылы Нарын шаарындагы №3- Киров атындагы орто мектепти аяктаган. 1970-жылы айдоочулук курсту бүтүп, эмгек жолун Нарын шаарындагы жүк ташуучу автостанциясында айдоочу болуп иштөө менен баштаган. 1970-1972-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1973-1974-жылдары Рыбачье жүк ташуучу автостанциясында айдоочу болуп иштеген.1974-1977-жылдары Нарын ПЭСте электромонтер, айдоочу, автокрановшик, аккумуляторшик болуп иштеген.1977-жылы Фрунзедеги Политехникалык Институттун энергетика факультетине тапшырып, 1982-жылы аталган окуу жайдан «Шаардагы өнөр жайларды жана айыл чарбасын электр менен жабдуу» адистигине ээ болгон. Эмгек жолун окуу жайды аяктагандан кийин кайрадан Нарын ПЭСтинде улантып келген.
1982-1983-жылдары көмөк чордон кызматынын устаты, 1983-1990-жылдары ушул эле кызматтын акими, 1990-1994-жылдары профкомдун төрагасы, 1994-1996-жылдары Тянь-Шань РЭСинин акими, 1996-1998-жылдары Нарын ПЭСтин директорунун орун басары, 1998-2001-жылдары Нарын ПЭСтин директорлук кызматтарында эмгектенген.
2001-жылдагы энерго системасындагы реструктуризациядан кийин 2001- 2004-жылдары Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасында директор болуп иштеген.2004-2005-жылдары «Чыгыш электр» ААКнун генералдык директору болуп иштеген. 2005-жылдын сентябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасында директорлук кызматта иштеп келе жатат.
Бир нече жолу айылдык, шаардык жана облустук Советтерге депутат болуп шайланган.
Энергетика тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, «Кыргызэнерго» АКнун, Энергетика министирлигинин «Ардак грамоталары», «СНГнын эмгек сиңирген энергетиги» төш белгиси менен сыйланган.
Нарын шаардык Кеңешине Досмамбетов Малай Жумакадыровичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Нарын жогорку чыңалуудагы электр ишканасынын эмгек жамааты сунуш менен кайрылышкан.Сунуш шаардык Кеңештин депутаттык туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, сессияга сунушталган.
.
Нарын жогорку чыңалуудагы электр ишканасынын эмгек жамаатынын, шаардык Кеңештин депутаттык туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Электр тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Досмамбетов Малай Жумакадыровичке Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Досмамбетов Малай Жумакадыровичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, М.Досмамбетовго