ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5/6 ТОКТОМУ
21-январь 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын тургуну Гүлсүн Молдосановага Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө.
Молдосанова Гүлсүн 1941-жылы Ысык Көл областына караштуу Түп районунун Шаты айлында төрөлгөн.
1958-жылы Нарын шаарындагы №1-Токтогул орто мектебин аяктаган соң, 1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин соода экономикасы адистиги боюнча сырттан окуп бүтүргөн.Эмгек жолун 1962-жылы Нарын шаардык соода мекемесинде сатуучу болуп иштөө менен баштаган. 1964-1969-жылдары Нарын шаардык соода мекемесинин №1, №23, 27- азык-түлүк дүкөндөрүнүн башчысы, 1969-1972-жылдары Нарын шаардык Универмагында директор, 1972-1988-жылдары Нарын шаардык соода мекемесинде товаровед, башкы товаровед,1988-1992-жылдары Нарын шаардык азык-түлүк дүкөнүнүн директору,1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Сайкал» дүкөнүндө сатуучу болуп эмгектенип келүүдө.
Соода тармагына жасаган эмгектери бааланып 1965-жылы Москва ЦК комсомолунун «Ардак грамотасы», Кыргыз Республикасынын соода министрлигинин «Ардак грамотасы», 1988-жылы социалисттик мелдеште жеңгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын соода министрлигинин « Ардак грамотасы», 1965-жылы өндүрүштөгү эң жогорку көрсөткүчү үчүн ЦК ВЛКСМдин «Ардак грамотасы» 1970-жылы СССрдин Жогорку советинин Президиумунун « Лениндин 100 жылдыгы» медалы, 1987-жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн « Эмгек ветераны» медалы менен сыйлангаган.
1967-1969-1971-жылдары Нарын шаардык Советине 3 жолу депутат, ал эми 1995-жылы Ысык -Көл областык Советине депутат болуп шайланган.
Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын грамоталары менен сыйланган.
Нарын шаардык Кеңешине Молдосанова Гүлсүнгө Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Нарын облустук «Эл чыгармачылыгы руханий дөөлөт» бирикмеси сунуш каты менен кайрылышкан.
Нарын облустук «Эл чыгармачылыгы руханий дөөлөт» бирикмесинин жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунуштарынын депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Соода тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, Молдосанова Гүлсүнгө Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Жобого ылайык Молдосанова Гүлсүнгө атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
_____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, Г.Молдосановага