НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXVII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026 – жылдын 9-июну №1 Макулдук берүү жөнүндө

 

   НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКСИЗ  XXVII СЕССИЯСЫНЫН

 ТОКТОМУ

   2026 – жылдын 9-июну  №1

    

        Макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жектекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын  негизинде   Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү жалпы наркы 183 443 000 (жүз сексен үч миллион жүз кырк үч миң) сомду түзгөн транспорттук көпүрөнүн долбоорун Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун кароосуна сунуштоого жана долбоор өткөндөн кийин Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом өздүк салым карап берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

                          Төраганын орун басары                                                                   Э.Рысбек уулу

Добавить комментарий