ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6\4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН                

   № 6/4  ТОКТОМУ

                                 11-июль 2012-жыл                                                                                                                             Нарын шаары                                                                                                  

                                                                                                                                    Жумаканов Мустафа Бейшебаевичке Нарын шаарынын                                                                                                                                     «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

           Жумаканов Мустафа Бейшебаевич 1981-жылы 5-мартта Нарын шаарында жумушчунун үй бүлөсүндө туулган. 1997-жылы Чкалов атындагы орто мектебин бүтүргөн. Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясын 2010-жылы аяктаган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын алдындагы Башкаруу Академиясында «Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» бөлүмүндө магистрдык окууда билим алууда.

Эмгек жолун 2003-жылы Нарын облустук Кызыл Ай комитетинде «Эл аралык гуманитардык укук» проектисинин координатору болуп иштөө  менен баштаган. 2006-жылы ушул эле комитетте «Өзгөчө кырдаалдар учурунда башкаруу» проектисинин координатору болуп дайындалган.

Жумаканов Мустафанын демилгеси менен 2007-жылы 29-декабрында Нарын облусунун Кочкор районунда болгон жер титирөөдө биринчилерден болуп, донорлор аркылуу  ири өлчөмдөгү жардамдар көрсөтүлгөн.

2008-жылы Нарын шаардык Кеңешине депутат болуп шайланып, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Ал эми 2009-жылдын 29-мартынан 2010-жылга чейин Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун биринчи орун басары болуп эмгектенген.2009-жылдан ушул күнгө чейин «Теңир Тоо Жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы болуп иш алып барууда.

Нарын шаары үчүн шаардык Кеңештин депутаты катары бир топ  иштерди жасаган, 2008-жылы РТС, нефть-база,  №10-мектеп аймагындагы сел алып кетүүчү каналдарды тазалоо иштерин  жүргүзгөн, же жалпысы 1650 метр канал долбоор аркылуу тазаланган. Мектеп  окуучуларынын айрымдарын  окуу формасы менен камсыз кылып, шаарыбыздагы инвалиддердин айрымдарына инвалид коляскасын алып берген.Колунда жок жакыр үй бүлөлөрдүн ичинен 25 үй бүлөгө жардам берген..РТС аймагындагы Мунарадагы таза суу түтүкчөсүнүн системасынын суу чыгаруучу насосун өзүнүн эсебинен  оңдотуп берген.

Жогорудагы  жасаган эмгектери жана жетишкендиктери үчүн 2005-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы», 2007-жылы КРнын Улуттук Кызыл Ай коомунун төрагасынын «Ардак грамотасы», 2008-жылы депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин «Ардак грамотасы», жана КРнын Маданият жана маалымат министрлигинин « Ардак грамотасы» менен сыйланган. «Адеп башаты» коомдук прогрессивдүү фондунун,Нарын облустук лицей-интернат мектебинин, С.Бекмамбетов атындагы балдар спорт мектебинин, Нарын регионалдык Кызыл Ай коомунун, Он Арча айыл Округунун «Ыраазычылык баракчаларына» татыктуу болгон. Көптөгөн эл аралык конференцияларга катышып Сертификаттарга ээ болгон.

                               Жумаканов Мустафа Бейшебаевичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Нароын облустук «Теңир Тоо жаштары» коомдук бирикмесинин сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

1.       Нарын шаарынын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымдары, шаарыбыздын жакыр үй бүлөрүнө көрсөткөн жардамдары үчүн Жумаканов Мустафага Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2.       Жобого ылайык Жумаканов Мустафага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын  «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

            Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

              төрагасы                                                                                             А.Көкөтаев

                               __________________________________________________________________________________

                Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,шаардык архитекетура башкармалыгына, «Таза Нарын» ишканасына,ММДга,  М.Жумакановго.

Обсуждение закрыто.