ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6\1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                       XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

 

                             № 6/1 ТОКТОМУ                                                     

 

                                   11-июль  2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

                                                                                                                                                                       Жумагулов  Мирбекке Нарын шаарынын 

                                                                                                                                                                     «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө 

             Жумагулов Мирбек 1952-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Учкун айылында туулган. 1970-жылы Жан-Булак орто мектебин аяктап, ушул эле жылы КМУнин механика-математика факултетине тапшырып, 1971-1973-жылдары Советтик Армиянын  катарында кызмат өтөп, 1973-жылы кайрадан жогорку окуу жайында окуусун уланткан.

Эмгек жолун 1976-жылы  Шоро айылындагы 8 жылдык мектебинде математика, физика сабактары боюнча мугалим болуп иштөө менен баштаган.1977-жылы Нарын электр тармактар ишканасында  электро монтер болуп иштеп жүрүп, ушул эле жылы политехникалык институтуна тапшырып,1982-жылы  аталган окуу жайынан «Өндүрүштүк ишканаларды, шаарларды жана айыл чарбасын электр  менен жабдуу» кесибине ээ болгон.

                1982-1985-жылдары Нарын облустук айыл чарба энергетикасында  эксплуация боюнча инженер, өндүрүштүк- техникалык бөлүмүнүн акими, 1985-1986-жылдары Тогуз-Торо РЭСинде директор, 1986-1989-жылдары Нарын облустук айыл чарба энергетикасында  башкы инженер,1989-1991-жылы Нарын облустук  «Агропромэнерго»  бирикмесинде 1-категориядагы инженер, башкы инженер, 1991-1997-жылдары «Нарыноблагропромэнерго» бирикмесинде башкы инженер, башкы директор, 1997-1998-жылдары Нарын «Айылэнерго» ишканасында директор болуп иштеген.

1998-2003-жылдары Нарын электр тармактар ишканасында , 2003-2004-жылдары Тянь-Шань электр тармактар ишканасында аким, 2004-жылдан 2008-жылдын май айына чейин  «Чыгышэлектр» ААКнун Нарындагы филиалында  дироктордун орун басары, 2008-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле филиалдын профсоюз уюмунун төрагасы болуп эмгектенип келүүдө.

Мирбек Жумагулов Тянь-Шань, Тогуз-Торо райондук жана Нарын шаардык, Нарын облустук электр тармагында иштеп, облустун экономикасынын өсүшүнө  өз салымын кошуп келүүдө.

Нарын шаарынын «Москва», «Ипподром» «РТС» кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн, Троллей ДЭПОсунун, «Чкалов», «Токтогул», «Киров», «Ленин»  атындагы орто мектептердин , медициналык окуу жайдын, шаардын баардык аялдамаларындагы  электро монтаждык жумуштарын бүтөрүүгө катышкан. Шаардын «РТС»,  «Ипподром» , «Москва» жана «Төш-Булак» аймактарындагы жаңы конуштарга жаңы трансформаторлорду койдуруп, элетр линияларын тартырып жошоочуларды электр энергиясы менен камсыз кылууда өз тажырыйбасын көрсөткөн.

2004-2008-жылдары Нарын шаардык Кеңешине, 2008-2012-жылдары Нарын райондук Кеңешине депутат болуп шайланган.

                Жумагулов Мирбек электр тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн  Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин,  Мамлекеттик мүлк фондусунун,  Кыргыз  айл чарба энерго бирикмесинин,  Кыргыз Республикасынын энергетика жана электр техникалык өндүрүшүнүн профсоюздук комитетинин, Нарын облустук администрациясынын жана  облустук Кеңешинин, Нарын шаардык Кеңешинин жана шаар башкармалыгынын «Ардак Грамоталары» жана « Кыргыз Республикасынын өнөржай жана энергетика карманы» төш белгиси менен сыйланган.

 

Жумагулов Мирбекке Нарын шаарынын Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндөгү «Чыгышэлектр» ААКнун Нарындагы филиалынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

1.       Тянь-Шань, Тогуз-Торо райондук жана Нарын шаардык, Нарын облустук электр тармагында иштеп, облустун экономикасынын өсүшүнө  өз салымын   кошкондугу үчүн Мирбек Жумагуловго   Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан,  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

  1. Жобого ылайык, Жумагулов Мирбекке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

        Депутаттардын

Нарын  шаардык Кеңешинин

          төрагасы                                                                             А.Көкөтаев

_____________________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, «Таза    Нарын» ишканасына, ММДга, М.Жумагуловго

Обсуждение закрыто.