ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6\3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

 

                                                               № 6/3  ТОКТОМУ

 

11- июль 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

 

                                                                     Аттокуров  Бакытбек  Кадыровичке Нарын                                                                                    шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

 

Аттокуров  Бакытбек Кадырович  1958-жылы 14-майда Ат_башы районунун Баш-Кайыңды айылында туулган. 1975-жылы  Баш-Кайыңды айлындагы С.М.Киров атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1976-1981-жылдары Нарын шаарындагы айыл чарба техникумунун зоотехникалык бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган.1977-1979-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1981-1993-жылдары Нарын облустук ички иштер башкармалыгында эмгектенген. 1993-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жеке ишкерлик менен алектенип келет.

Аттокуров  Бакытбек Кадырович 2001-жылы Нарын шаарында 150  адам соода кылуучу «Кадыр — Ата» соода комплексин куруп, элге пайдаланууга берип, бүгүнкү күндө булл соода комплекси Нарын облусунун калкын тейлеп келүүдө.

2005-жылы Ат-Башы районуна 4 гектар жерге кийим кече сатууга 400дөн ашык орун, 1000дей бодо  жана майда жандык баткыдай мал базарын, тамак аш сатууга 300 орундук, чарбалык буюмдарды сатуучу 300 орундук имарат салып пайдаланууга берген.

Бакытбек Кадырович мекеме ишканаларга, кары-картаңдарга, чыгармачыл адамдарга жана башка кайрымдуулук иштерге каражат жактан колдоо көрсөтүп демөөрчүлүк көрсөтүп келет.

Жалпы облуста жасаган үзүрлүү иштери үчүн, жаңы курулуш иштерин ишке киргизип, пайдаланууга бергендиги жана ишкерликти өнүктүрүүгө жана Нарын шаарынын социалдык -экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон  жигердүү салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы архитектура жана курулуш  боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Нарын облустук ишкерлер ассоцияциясынын, Нарын шаардык Кеңешинин, шаардык мэриянын «Ардак Грамоталары», «Ыраазычылык каты» менен сыйланган.

2006-жылы «Жылдын мыкты ишкери» деп табылып, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын атайын Дипломунун жана облустун «Мыкты салык төлөөчүсү» сертификатынын ээси болгон.

 

Аттокуров  Бакытбек Кадыровичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү  «Кадыр-Ата» соода түйүнүнүн жеке ишкерлеринин сунушунун  жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Жаңы курулуш иштерин ишке киргизип, жумушчу орун менен камсыз кылып,  ишкерликти өнүктүрүүгө жана Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон  жигердүү салымы үчүн Бакытбек Аттокуровго Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы  ыйгарылсын.

 

  1. Жобого ылайык Аттокуров Бакытбекке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

        Депутаттардын

Нарын  шаардык Кеңешинин

          төрагасы                                                                             А.Көкөтаев

_____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, «Таза Нарын» ишканасына, ММДга,Б.Аттокуровго

Обсуждение закрыто.