ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 3/4 ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь
2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Маатказиев Кыдыралы Нарын шаарынын Сырдыбаев көчөсү №30 жайгашкан «Нарын горгаз» мекемеси 1995-жылдан бери иштебей тургандыгына байланыштуу, «Нарын горгазга» тиешелүү жер аянттарын турак жай куру үчүн мекемеде иштеп кеткен шаар тургундарына берүүдө жер аянты « Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зонада Р-3 зонасында болгондуктан Ж-1 зонасына которуп берүү боюнча атайын арыз менен кайрылган.
Маатказиев Кыдыралы «Нарын горгазга» тиешелүү кыймылсыз мүлк бирдигин 2011-жылдын 13-сентябрында «кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу» келишиминин негизинде сатып алып өз наамына Ч №335095, Ч №336096 мамлекеттик акт алган.
Маатказиев Кыдыраалынын арызы шаардык Кеңештин алдындагы Курулуш архитектура, жер маселеси, электр, отун энергетикасы, коммуналдык менчиктештирүү, транспорт, байланыш жана коммуникация иштери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып, жер аянтын зонага которуу, архитектура жана жерге жайгаштыруу башкармарлыктарынын атайын бүтүмдөрүнөн кийин сессияга сунушталары белгиленген.
Маатказиев Кыдыралыга Нарын шаарынын Сырдыбаев көчөсүндө жайгашкан «Нарын гор газга» тиешелүү 2316,60 чарчы метр жана 3386,75 чарчы метр жер аянттарын Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүүгө боло тургандыгы жөнүндө шаардык архитектура башкармалыгы 10.07.12 № М-02/70, №М-02-71, жерге жайгаштыруу башкармалыгы 10.07.12 №86, №87 бүтүмдөрүн беришкен.
Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун жана жерге жайгаштыруу, архитектура башкармалыктарынын атайын бүтүмдөрүнүн негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаарынын С.Сырдыбаев №30 жайгашкан «Нарын горгаздын» Маатказиев Кыдыралыга таандык 2316,60 чарчы метр жана 3386,75 чарчы метр жер аянттары Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты Р-3 (зона ландшафтно-рекреационных територий) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которулсун.
- Нарын шаарынын С.Сырдыбаев №30 жайгашкан «Нарын горгаздын» Маатказиев Кыдыралыга таандык жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (У.Калмамбетов), Нарын аймакты жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Курулуш куруу жана жер маселеси, электр, отун энергетикасы, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш жана коммуникация» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, салык башкармалыгына арыз ээсине.