ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 /1ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Мурзакматов Кайратбек Сапарбековичтин ысымын Нарын шаарындагы «Чоң — Алыш» көчөсүнө берүү жөнүндө
Мурзакматов Кайратбек Сапарбекович 1963-жылы 17-ноябрда Нарын шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
1994-2000-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Универститетинин «энергетика» факултетин сырттан окуп бүтүргөн.
Эмгек жолун 1986-жылы Нарын электр тармактар ишканасында 1992-жылга чейин катардагы электромонтор болуп иштөө менен баштаган.1992-2001-жылдары ушул эле ишканада мастер, 2-категориядагы инженер, реле коргоо жана автоматика кызматынын жетектөөчү адиси жана инженердин кызматтарында эмгектенген.
2001-2004-жылдары «Чыгышэлектро» Акционердик Коомунун Нарындагы филиалында электр энергиясын үнөмдөө жана сатуу боюнча бөлүмүндө башкы директордун орун басары, 2004-2005-жылдары Нарын электр тармактар ишканасында башкы инженер,2005-2007-жылдары ушул эле ишканада башкы инженердин орун басары болуп иштеп келген. Электр тармактар ишканасында иштеп жүргөн мезгилинде иштеги жетишкендиктери үчүн ишкананын «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Кайратбек Сапарбековичтин алдыга койгон көптөгөн максаттарына жетпестен 2007-жылы13- апрелде 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Маркумду аз өмүрүндө эл үчүн кам көргөн, улуу-кичүү дебей баардык адамдарга сылык мамиле жазаган, колунан келген жардамын аябаган инсан эле деп бирге иштешкен эмгек жамааты жана кошуналары эскеришет. Өзү жашаган көчөгө электр постанциясын орнотуп, жолду ирээтке келтирип, түздөтүп бергендигин көчө тургундары ыраазычылык менен айтып келишет.
Маркум Мурзакматов Кайратбек Сапарбековичтин ысымын Нарын шаарындагы «Чоң-Алыш» көчөсүнө ыйгаруу жөнүндөгү «Чоң-Алыш» көчөсүнүн жашоочуларынын, Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын сунуштарынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколдорунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Электр тармактарына кошкон салымы үчүн маркум Мурзакматов Кайратбек Сапарбековичтин ысымы Нарын шаарындагы «Чоң- Алыш» (переулок) көчөсүндөгү №113,115,119,121,123,124,125,126,129,130,131 үйлөрүнө берилсин.
- Нарын шаарындагы «Чоң-Алыш» (переулок) көчөсү мындан ары Кайратбек Мурзакматов атындагы көчө деп аталсын.
- Көчөнүн атын өзгөртүүгө, оңдоого, түзөтүүгө, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, арыктарды ирээтке келтирүүгө жана ушул көчөнүн жашоочуларынын үй китепчелерин, паспортторун которууга кеткен финансалык чыгымдарын көтөрүү К.Мурзакматовдун үй бүлөсүнө (жубайы Г.Ж. Мусагожоева) тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгына, муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, ММДга, Паспорт столго, К.Мурзакматовдун үй-бүлөсүнө.