ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН №6/13 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                  

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

 

   № 6 /13 ТОКТОМУ

 

11-июль  2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

                                                                                                                                    Акитаева Асылканга Нарын   шаарынын                                                                                                                                                           «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Акитаева Асылкан 1945-жылы Панфилов районуна караштуу Чорголу айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң 1962-1967-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинин химия факультетинде окуп,  мугалимдик кесипке ээ болгон.

            Эмгек жолун 1968-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Ленин орто мектебинде мугалим болу менен баштаган. 1971-жылы Куйбышев атындагы орто мектепте директордун орун басары, 1973-жылы 8-март айылында мектептин директору,1982-1985-жылдары Тянь-Шань районуна караштуу 8-март совхозунда парткомдун секретары, 1985-1994-жылдары Эл депутаттардын Тянь- Шань райондук Советинин  аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1991-1992-жылдары райондук Советте  социалдык, маданий иштер боюнча бөлүм башчы1992-1994-жылдары Таянь-Шань районунун акиминин орун басары, 1994-жылы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы, 1996-1997-жылдары администрациянын социалдык бөлүмү  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы социалдык фондго кошулгандыгына  байланыштуу Нарын райондук соц.фонддун  башкармасынын орун басарлыгына дайындалган.

            Эл депутаттардын Нарын райондук Советинин   3 жолку депутаты.2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаарында «АКТИНО» коомдук бирикмесинде  иш алып барууда. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. Учурда Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү,

            Эмгектеги жетишкендиктери үчүн «Лидер айым» наамына ээ болгон. СССРдин статистика боюнча мамлекеттик комитетинин «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.

            Акитаева Асылканга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Нарын шаарындагы «АКТИНО» коомдук бирикмесинин сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                              

                                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Социалдык жана элге билим берүү тармактарында  көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Акитаева Асылканга Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан,Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

  1. Жобого ылайык, Акитаева Асылканга  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын     шаарынын  «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

                 Депутаттардын

  Нарын шаардык Кеңешинин

                төрагасы                                                                                                                     А.Көкөтаев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектурага, ММДга,  «Таза Нарын» ишканасына, А.Акитаевага

Обсуждение закрыто.