ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/18 ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Кочкорбаева Турсун Осмоновнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кочкорбаева Турсун Осмоновна 1954-жылы Нарын шарында туулган. Мектепти аяктаган соң,1972-1973-жылдары Фрунзе шаарындагы комболдун нооту (Суконый) комбинатында окуучусу болгон. 1974-жылы Фрунзедеги Кооперативдик техникумга тапшырып 1976-жылы аяктаган.
1978-1988-жылдар Нарын облустук прокуратурасында экономист. Кыргыз Улуттук Университеттин юридикалык факультетин 2002-жылы сырттан окуп бүтүргөн.1989-жылдан баштап Нарын шаарындагы №87-кесиптик лицейинде эсепчи, башкы эсепчи кызматтарын аркалап келген. 2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин аталган окуу жайдын директору болуп эмгектенүүдө.
Окуу жайда квалификациялуу жумушчу, жаштарды кесипке даярдоодо, окуучулардын жогорку саппаттагы билим алуусуна көшүл бөлүп, окуу жайдын материалдык техникалык базасын чыңдоодо чыгармачылык менен изденип, иштеп келүүдө. Учурдун талабына ылайык өзү жетектеп турган окуу жайга инвестицияны тартып келүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жазады. Мисалы: Эл аралык уюмдар менен байланыш түзүп, долбоор жазып 60 орундук жатакана ачкан. Жатакананын материалдык-техникалык базасын түзүүдө, эл аралык уюмдар менен байланыш түзүп, долбоор жазып керектүү инвентарлар менен жабылган. Мэрсико эл аралык уюму менен бирдикте акыркы эки жылда600,0 миң сомдук мебель жана окуу процессине керектүү инвентарлар менен камсыз кыла алган. Окуу жайы отурукташкан имараттын эскилиги жетип ремонтуна изденүүнүн негизинде долбоор жазып өздүк кошумча каржылоосу менен бирдикте 1000000 (бир миллион) сомдун өлчөмүндө ремонттон өткөрүп алууга жетишкен. Жаңы муун проектисине 180.0 миң сомго долбоор жазып компьютердик техника алынып келинген. 2008-2009-окуу жылында 627, 371 сомдук «Афтомеханик» кесиби боюнча өнөркана курулуш ишке берилген. 2010-2011-окуу жылында АБР долбоору боюнча 6 млн сомго окуу жайдын өнөрканасы жана жатаканасы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. «МЕРСИКО» эл аралык уюму менен «автомеханик» кесибинин базасын чыңдоого 338,4 миң сомго долбоор түзүлгөн.
Иштеги көрсөткөн артыкчылыктары үчүн 1999-жылы «Республикалык кесиптик- техникалык билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, 2006-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак Грамотасы», 2009-жылы Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын «Единая Россия» фракциясынын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.
Кочкорбаева Турсун Осмоновнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Нарын шаарындагы №87-кесиптик-лицейинин эмгек жааматынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кесиптик билим берүү тармагына кошкон салымдары жана көп жылдык эмгектери үчүн Кочкорбаева Турсунга Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык, Кочкорбаева Турсунга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А. Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,шаардык мэрияга,шаардык архитектурага,ММДга, «Таза