ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/11 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

 

                                              XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН                                                                  № 6/11 ТОКТОМУ

 

 

 

 

11-июль   2012-жыл                                                                                                                                     Нарын шаары       

            Имашев Асанбекке Нарын   шаарынын          «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Имашев Асанбек 1952-жылдын 1-апрелинде Тянь -Шань районуна караштуу

«8-март» колхозунда жумушчунун үй бүлөсүндө туулган. 1969-жылы

«8-март»айылындагы К.Жакыпов атындагы  орто мектебин аяктаган.

1974-1980-жылдары КМУнун экономика факультетин сырттан окуп экономист кесибине ээ болгон. 1988-1990-жылдары Фрунзедеги автожолдор техникумун бүтүргөн.

            Эмгек жолкн 1970-жылы Нарындагы жүк ташуучу автоунаасында слесарь болуп иштөөдөн баштаган.1971-1973- жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1973-жылы Нарын шаарындагы жүк ташуучу автобазасында айдоочу.1991-1992-жылдары Нарын өндүрүштүк транспорт бирикмесинде башкы инженер.1992-1993-жылдары Нарын автобекетинде директор, ал эми 1990-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз «Автосервис»АКна караштуу  Нарын СТОсунда директор болуп иштеп келе жатат.Нарын шаардык Советинин 3 жолку депутаты,Кыргызстан Компартиясынын Нарын шаардык партиялык конференциясына 4 жолу делегаты, шаардык партиялык комитеттин мүчөсү  болуп шайланган.Кыргызстан Комунисттик партиясынын ХIХ сьездинин делегаты болгон.

            Имашев Асанбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Нарын шаарынын М.Сыдыков атындагы чөлкөмүнүн жашоочуларынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                        

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Транспорт тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана ийгиликтери үчүн Имашев Асанбеккке Жобого ылайык  сессияга катышкан депутаттардын көчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык, Имашев Асанбекке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын     шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

 

 

                 Депутаттардын

    Нарын шаардык Кеңешинин

                төрагасы                                                                                                  А.Көкөтаев

____________________________________________________________________________

    Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектурага, ММДга,  «Таза Нарын» ишканасына. А.Имашевге.

Обсуждение закрыто.