ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 6/20 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН

   № 6/20 ТОКТОМУ

 

11-июль 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

Жумакадыров Жоомартка Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө


 


 

            Жумакадыров Жоомарт 1946-жылы Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында туулган. Мектепти аяктаган соң 1963-жылы  Самарканддагы Керек-жарак Институтунун коомдук тамактануу технологиясы боюнча факультетин 1968-жылы бүтүрүп,инженер-технолог адистигине ээ болгон.Ошол эле жылы Кыргызпотребсоюзунда инспектор,1969-1970-жылдары Ысык-Көл райондук керек-жарак коомунда директордун орун басары, 1970-1971-жылдары Ысык-Көл курортунда коомдук тамактануунун директору,1971-жылдан тартып Нарын облустук коомдук тамактануу бөлүмүнө башчы 1971-1991-жылдары соода тармагынын ар кандай кызматтарында иштеген. 1991-жылдан бери Нарын шаарынын  базарындагы «Береке-Н» жоопкерчилиги чектелген коомунда  эмгектенүүдө.

            1979-1982-жылдары Сары-Булак айылдык Кеңешинде депутат болгон.

            Эмгектеги жетишендиктери үчүн Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жана Нарын шаардык мэриясынын «Ардак Грамоталары» менен сыйланган.

            Жумакадыров Жоомартка Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү « Береке»-Н» ЖЧКсынын түзүүчүлөрүнүн сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы


                                  ТОКТОМ КЫЛАТ


 

1.      Керек-жарак коомунда көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Жумакадыров Жоомартка Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 


2.      Жобого ылайык, Жумакадыров Жоомартка атайын жазалган үлгүдөгү Нарын     шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.


 


 


 

                    Депутаттардын

          Нарын шаардык Кеңешинин

                    төрагасы                                                                             А.Көкөтаев                                                                    

_______________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектурага, ММДга,  «Таза Нарын» ишканасына, Ж.Жумакадыровго

Обсуждение закрыто.