ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/9ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН              

   № 6/9ТОКТОМУ

 

        11-июл 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары 

 

                                                                                                                  Жакыпов Курманбек Сыдыковичке Нарын шаарынын                                                                                                                                              «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  жөнүндө

 

            Жакыпов Курманбек Сыдыкович 1966-жылы 22-апрелде Нарын шаарында туулган. Нарын шаарындагы №4- Ленин атындагы орто мектебин  1983-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, Фрунзе шаарындагы политехникалык Институттун тапшырып, 1991-жылы аяктаган.Эмгек жолун Нарын шаарындагы №2-ПМКда мастер, бөлүм башчы болуп иштөө менен баштаган. 1992-1994-жылдары Нарын шаарындагы Агробанкта экономист,1994-98-жылдары «Эверест» ЖЧКда склад башчы,1998-2002-жылдары «Эверест» ЖЧКда башкы инженер, 2011-жылы Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси болуп иштеген. 2002-жылдан бери «Баамдат» кредиттик союзунун төрагасы болуп эмгектенүүдө. 2008-жылы Нарын шаардык Кеңешинин депутатыболуп шайланган.

            Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси кызматында иштеп турган убакта «Нарын келечек» муниципалдык наабайканасынын ремонт иштеринин толугу менен жүргүзүп, ишке берген. Шаарыбыздагы жерге   тиешелүү талаш-тартыш жараткан маселелерди жеринде тактап, иш кагаздарын мыйзамдаштыруу менен иш алып барган. «Бирдиктүү терезе» жер маселеси боюнча арыздарды кабыл алууну түздөн түз кабыл алып, шаардык мэриянын ишин алда канча жеңилдетүүгө шарттар түзүлдү.Көп жылдардан бери кароосуз калган ал-акыбалы өтө оор шартта турган шаардык муниципалдык менчик департаментинин имаратын заманбапка ылайык ремонттоп, толугу менен ишке киргизген. Аз камсыз үй бүлөлөргө жардам катары аз проценттүү кредиттерди берип келүүдө.

            Облуста чакан кредит берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон жигердүү салымы үчүн облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» менен, Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалынын өсүп-өнүгүшүнө жана калкты тейлөөгө кошкон жигердүү салымы үчүн Нарын шаардык Кеңешинин жана шаардык мэриясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

            Жакыпов Курманбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»  наамын берүү жөнүндөгү Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаарынын өсүп -өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Жакыпов Курманбекке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан,  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык, Жакыпов Курманбекке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

           Депутаттардын

 Нарын шаардык Кеңешинин

         төрагасы                                                                            А.Көкөтаев

   ________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,шаардык мэрияга,шаардык архитектурага, «Таза Нарын» ишканасына, ММДга, К.Жакыповго.

Обсуждение закрыто.