ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/22 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН       

 

  № 6/22  ТОКТОМУ

 

                                                11-июль     2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

 

 

                                                                                   Бектемишев Болотко Нарын шаарынын

                                                               «Ардактуу атуулу»   наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Бектемишев Болотбек Жабуевич 1959-жылы Нарын шаарында жумушчунун үй бүлөсүндө туулган. 1966-1976-жылдары Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы орто мектептен окуп, ийгиликтүү аяктаган.1976-1980-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтун ийгиликтүү аяктап, дене тарбия мугалими жана машыктыруучу кесибине ээ болгон. 1980-2001-жылдары Нарын облустук балдар жана уландар спорт мектебинин футбол бөлүмүндө машыктыруучу болуп иштөө менен  өзүнүн эмгек жолун баштаган.  2001-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясында Нарын облусу боюнча жаштар футболун өнүктүрүү боюнча директору кызматында, 2006-2008-жылдары Нарын облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси,2008-2011-жылдары  Нарын облустук балдар — уландар спорт мектебинин директору болуп иштеген.

            Өкмөт тарабынан эмгектери бааланып, «КРнын хоккей боюнча  Эмгек сиңирген машыктыруучусу», «КРнын дене тарбиясынын  отличниги», «КРнын элге билим берүүнүн отличниги, Нарын облусу боюнча «Намыс» программасынын  «Мыкты машыктыруучусу» номинациясынын ээси жана Нарын облусунун жана Нарын шаардык мэриясы менен депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин «Ардак Грамоталары» менен сыйланган. 

            Бектемишов Болотбекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                  

                              ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Дене тарбия жана спорт тармагында  эмгектенип, ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Бектемишов Болотко Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык, Бектемишев Болотко атайын жазалган үлгүдөгү Нарын  шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

     

 

 

 

              Депутаттардын

    Нарын шаардык Кеңешинин

                  төрагасы                                                                                             А.Көкөтаев

________________________________________________________________________

                   Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,шаардык мэрияга,шаардык архитектурага, ММДга,  «Таза Нарын» ишканасына,Б.Бектемишевге.

Обсуждение закрыто.